Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Пашинян анын кетүүсүн талап кылган оппозиция утулганын айтты


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян анын кетүүсүн талап кылган дагы бир оппозициялык кыймыл утулду деп эсептейт. Мындай пикирин ал бийликтеги «Жарандык келишим» партиясынын саясий кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып айтканын 23-июнда «Азаттыктын» армян кызматы жазды.

Пашинян армян эли бийлик карманган идеологияны, «реалдуу Арменияны» колдой турганы анык болгонун айтты.

"Биз мындан ары кармашып, аман калуу үчүн күрөшүп, өзүбүздү курмандыкка чалып жашагыбыз келбейт. Биз жөн гана жашагыбыз келет. Бул элдин элитага да, бизге, башкаруучу көпчүлүккө да жолдогон өтүнүчү ", – деди ал.

Арменияда оппозиция лидери болуп турган, армян апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясын жетектеген Баграт Галстанян өкмөткө каршы акциясын 9-майда баштаган. Коюлуп жаткан негизги талап – премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасы болгон. Оппозиция аны Азербайжан менен чек арадагы талаштуу төрт айылды азери тарапка эч кандай кепилдик албастан өткөрүп берип койгонун айткан.

Бир нече жолу уюштурулган акциялар күч менен таркатылган.

Пашиняндын кетишин талап кылып жаткандар эгер Армения Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) чыгып, Орусиядан алыстаса, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаралып, Азербайжандын жаңы чабуулдарды баштоо ыктымалдыгы жогорулай турганын айтышкан.

Армениянын өкмөт башчысы Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.

Андан мурдараак Армения Орусия үстөмдүк кылуучу ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялаган жана бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG