Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Базарбеков президентке сотторго тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүү сунушу берилгенин айтты


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстанда сот системасына тиешелүү мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, ушул тапта президенттин администрациясынын кароосунда турганын айтты.

Бул тууралуу ал ЭлТР мамлекеттик телеканалынын “Жетекчи менен жеринде” программасындагы маегинде билдирди.

“Президенттин демилгеси менен түзүлгөн жумушчу топ карап жатат (ред: сунушталган мыйзам долбоорун). Мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсе Жогорку соттун пленумуна да көптөгөн жаңылыктарды киргизели деп турабыз. Ачык эле айтайын долбоорлор даяр. Биз мыйзамдарды күтүп жатабыз. Мыйзам кабыл алынса эле пленумдарды жаңыртабыз”, - деди ал.

Замирбек Базарбеков мындан тышкары элдин сотторго болгон ишенимин кайтаруу, сот бийлигин реформа кылуу, анын ичинде сотторду ротациялоо, айлыктарын көтөрүү боюнча суроолорго да жооп берген.

Кыргызстанда 2010-жылкы Апрель ыңкылабынан бери эле сот тармагын реформалоо тууралуу сөз болуп келатат. 2021-жылы иштеп баштаган Конституция боюнча Жогорку соттун төрагасына сот бийлигине тиешелүү мыйзам долбоорлорун демилге кылуу укугу берилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG