Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу өлкөгө кайтып келди


Ажылыктан келген кыргызстандыктар. Ош эл аралык аэропорту. 23-июнь, 2024-жыл.
Ажылыктан келген кыргызстандыктар. Ош эл аралык аэропорту. 23-июнь, 2024-жыл.

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу түшкөн учак 23-июнда Ош эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Эми кыргызстандык ажылар 15 күн бою Жидда-Ош, Жидда-Бишкек жана Медина-Ош, Медина-Бишкек багыттары боюнча Кыргызстанга кайтат.

Ажылык ибадаттарын аткаруу үчүн Кыргызстандан алгачкы топ 31-майда Мединага барган.

Быйыл Меккеде аптаптуу ысыктан ажылык маалында 1000ден ашык киши каза болду. Алардын көбү Египеттин, Индиянын, Иорданиянын, Пакистандын жана Тунистин жарандары.

Кыргызстандын Муфтияты каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин кабарлаган.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Быйыл ажылык 14-19-июнь күндөрү аткарылды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG