Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Дагестан: Куралчан адамдардын кол салуусунан кеминде тогуз өмүр кыйылды


Дагестан.
Дагестан.

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында 23-июнда болгон окуя "теракт" беренесинин негизинде тергелип жатканын Тергөө комитетинин жергиликтүү башкармалыгы билдирди.

Жекшембинин кечинде Дагестандын эки шаарында - борбор калаасы Махачкалада жана андан 130 чакырымдай аралыктагы Дербентте дээрлик бир маалда куралчан адамдардын кол салуусу болду.

Махачкалада православ храмы, синагога жана полициянын кайгуул бекети, ал эми Дербент шаарында православ храмы жана синагога бутага алынды.

Республиканын муфтиятынын соңку расмий маалыматына караганда, жалпысынан тогуз адамдын өмүрү кыйылды, алардын жетөө полиция кызматкери. Дагы 25 киши жараат алды.

Жалпы республика аймагында контртеррористтик операция режими жарыяланды.

Махачкаладагы кол салгандардын төртөө жок кылынганы кабарланды.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тараган видеолордон колуна курал алган адамдар көчөдө туш келди аткылап жатканын, кол салуу болгон жерлерде өрт чыкканын көрүүгө болот. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG