Бишкек-Ош жолунда жана Кадамжайда сел жүрдү

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы сел жүргөн аймак.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы 23-июнда Бишкек-Ош автоунаа жолунун 364-чакырымында жамгырдын кесепетинен сел жүрүп жол убактылуу жабылып, тазалоо иштеринен кийин кайра ачылганын билдирди.

Ушул эле күнү Баткендин Кадамжай районунун Охна айылында сел жүрүүчү Таш-Булак сайынан сел жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) облустагы бөлүмү кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-25-июнь күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертүүдө. (BTo/JsA)

Дагы караңыз

Киев облусу ракеталык чабуулга кабылдыБазарбеков президентке сотторго тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүү сунушу берилгенин айттыКыргызстандык ажылардын алгачкы тобу өлкөгө кайтып келди Акылбек Жапаров үч өлкөнүн темир жолунун курулушу 25-августта башталарын айттыҮч округдагы шайлоого байланыштуу ИИМде 23 факты катталдыУИАнын президентин дайындоо укугун өлкө башчыга берүү сунушталды