Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:08

УИАнын президентин дайындоо укугун өлкө башчыга берүү сунушталды


Улуттук илимдер академиясы.
Улуттук илимдер академиясы.

Министрлер кабинети “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамды толугу менен өзгөртүү сунушун берди. Өкмөт иштеп чыккан долбоор Жогорку Кеңешке 11-июнда түшкөн.

22 беренеден турган документте Улуттук илимдер академиясынын статусу, милдети, максаты жана каржылоо боюнча жоболор жазылган.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча, өлкөнүн президенти Улуттук илимдер академиясынын академиктеринин жана мүчө-корреспонденттеринин ичинен 70 жаштан улуу эмес адамды беш жылга Улуттук илимдер академиясынын президенти кылып дайындайт. Бир адам бул кызматка эки мөөнөттөн ашык иштей албайт. Ал президенттин чечими менен кызматтан алынышы мүмкүн.

Азыр иштеп жаткан мыйзамга ылайык, Улуттук илимдер академиясынын президентин академиянын мүчөлөрү жашыруун добуш берүү менен беш жылга шайлайт жана алар жетекчини кызматтан чакыртып алууга да укуктуу.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген.

2023-жылдагы маалымат боюнча, академияга караштуу 20 илимий мекеме бар. Жалпы 1 575 киши эмгектенсе, анын 880ден көбү илимий кызматкер. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген. Коомчулукта академияны реформалоо зарыл деген пикирлер айтылып келет.

Быйыл 13-апрелде президент Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясына пландан тышкары барган. Андан кийин “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде академияны реформалоо зарыл экенине дагы бир жолу ынанганын айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG