Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:49

Үч округдагы шайлоого байланыштуу ИИМде 23 факты катталды


чки иштер министрлигинин имараты.
чки иштер министрлигинин имараты.

№5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу Ички иштер министрлигинде (ИИМ) 23 факты катталды.

Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков 22-июнда Бишкек шаарынын Свердлов райондук шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушууда айтты.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, анын ичинен Свердлов районунда эки факты (бир добуш сатып алуу боюнча маалымат такталган эмес, бир шайлоо эрежесин бузуу) жана Ноокат районунда 21 факты (шайлоо эрежесин бузуу) катталган. 11 факты боюнча кылмыштын курамы аныкталбагандыктан, иш козгоодон баш тартылган. Калган 10 факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Шайлоого үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышууда. 10-июнда башталган шайлоо алдындагы үгүт иштери 29-июнь таңкы саат 8:00дө аяктайт. Шайлоо 30-июнда өтөт.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.

№29 Свердлов округунан 2022-жылдагы шайлоодо депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын ошол кездеги атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон. Добуш сатып алуу чырынан улам Боршайком Абдурахманхажи Муртазалиевге да мандат берген эмес жана жаңы шайлоо дайындалган. Ал БШКнын чечимине каршы сотко арызданган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG