Путин жана Ким: "Мага снаряд бересиң, сага технология берем"

коллаж сүрөт

18-19-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореяда болуп, анын соңунда эки өлкө ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим кабыл алынды. Түндүк Кореянын лидери Орусияга былтыр барып кеткен. Батыш менен каршылаш абалда турган эки өлкө кызматташтыгын арттыруу аракетин көрүүдө.

Бири көптөгөн жылдардан бери эл аралык изоляцияда жашап келаткан өлкөнүн, экинчиси коңшусу Украинага согуш ачып, түрдүү санкцияга кабылып, обочодо калган мамлекеттин башчысы катары дүйнөлүк саясий аренада түрдүү сын пикирге дуушар болгон Ким Чен Ын жана Владимир Путин ушуну менен бир жыл айланбай экинчи жолу көрүшүп олтурушат.

Батыш менен каршылаш абалда турган эки өлкө азыр кызматташтыгын арттыруунун аракетинде.

19-июнда Путин Ким менен жолукканда расмий Пхеньянга Москвага көрсөтүп жаткан “чексиз колдоосу үчүн” ыраазычылыгын билдирди.

Ким орус лидерин кызыл килем төшөп тосуп алды. Путиндин барган жеринин баарында эки өлкөнүн достугун, кызматташтыгын, башчыларын мактаган, даңазалаган сүрөттөр илинип, ырлар жана салтанаттуу сөздөр жаңырып турду. Путиндин сапары “тагдыр чечүүчү” деп да сыпатталды.

Бир гана партиянын үстөмдүгү орногон, дүйнөдөгү эң жабык өлкө эсептелген Түндүк Кореяга Путин мындан 24 жыл мурда барган. Ал кезде өлкөнү азыркы лидердин атасы Ким Чен Ир жетектеп турган.

Орус президентинин бул сапары АКШнын жана Түштүк Кореянын расмийлери Пхеньянды Москвадан заманбап аскердик технология жана жардам алыш үчүн Орусиянын Украинадагы согушуна колдоо көрсөтүп, артиллерия, ракета жана аскердик техника жөнөтүп жатканы үчүн айыптаган учурга туш келди.

Түндүк Корея өзөктүк курал жана ракета программасы, ал эми Орусия Украинадагы толук масштабдуу агрессиясы үчүн Батыштын санкцияларына кабылып турган чакта ич ара кызматташтыгын өркүндөтүп жатканы экөөнүн тең эл аралык изоляциясын ого бетер тереңдетүүдө.

Бул жолу ортодо кабыл алынган документ "ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү тууралуу" деп аталды. Анда эки өлкөнүн бирине агрессия жасалып кала турган болсо өз ара милдеттенмелер жана аскердик чөйрөдө кызматташуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Путин өз сөзүндө Пхеньянга каршы эл аралык санкцияларды «легитимсиз» жана «саясий себепке негизделген» деп атады.

Сапарын утурлай Түндүк Кореянын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маегинде ал Украинадагы согушуна өнөктөшү Кимдин көрсөткөн «бекем колдоосун» баалай турганын айтты. Батышты «акыйкаттыкка, эгемендиктин өз ара урматталышына, кызыкчылыктарынын эсепке алынышына негизделген көп полярдуу дүйнө түзүмүн орнотууга тоскоолдук жаратууга аракет кылып жатат» деп айыптап, андай «куру дымагына» чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтүүнү уланта беришерин белгиледи.

Ким Чен Ын, өз кезегинде, Орусиянын Украинага каршы ачкан согушуна «толук колдоо жана тилектештигин» билдирди. Согушту орус бийлигиндей «атайын аскердик операция» деп атап, аны Орусия өзүнүн «эгемендигин, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн» жүргүзүп жатат деген оюн билдирди.

Батыштын эскертүүсү

АКШ жана анын союздаштары Түндүк Кореяны Орусияга Украинага каршы колдонуш үчүн курал-жарак, анын ичинде баллистикалык ракета жөнөтүп, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын талаптарын бузууда деп айыптап келишет.

18 -июндаНАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен бирге журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Орусиянын Украинадагы согушуна Түндүк Корея, Кытай жана Иран колдоо көрсөтүп жатканын айтты.

Столтенберг НАТО өлкөлөрүндө «Орусия Түндүк Кореянын ракеталык жана өзөктүк программаларын ишке ашыруусуна берип жаткан жардамына» байланыштуу тынчсыздануу бардыгын да кошумчалады.

АКШ администрациясынын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби «бул жерде Корей жарым аралындагы коопсуздукка таасири тийиши мүмкүн болгон кайсы бир байланыш ыктымалдыгы бар” деп эскертти. Андай аракет азырынча «ишке аша электигин» билдирген Кирби Вашингтон «өтө кылдаттык менен көзөмөл жүргүзүп турарын» кошумчалады.

Дагы караңыз Пхеньяндын суутек бомбасын сыноосу дүйнөнү чочутту

Чыныгы максат

Талдоочулардын пикиринде, Түндүк Корея үчүн негизги максат – экономикалык, ал эми Орусия үчүн аскердик кызматташтык.

"Алардын жалпы проблемасы – санкциялар. Путин, өзү атагандай, Батыш менен согуштун башында турат жана көп полярдуу системаны, АКШ баштаган дүйнөлүк түзүмгө альтернатива жаратууга аракет кылууда. Башында АКШ турган дүйнөлүк түзүм, албетте, Түндүк Корея үчүн да проблема жаратууда", – деп белгиледи эл аралык «Стимсон борборунун» илимий кызматкери Женни Таун.

Путиндин соңку сапарынын чыныгы максаты жана эмне үчүн Москвага Пхеньян менен кызматташтык артыкчылыктуу багыт экени тууралуу пикирин «Настоящее время» телеканалына курган маегинде корей таануучу, Австралиянын улуттук университетинин илимий кызматкери Леонид Петров айтып берди.

"Бир четинен Пхеньян - Москва ортосундагы мамиле дайым эле жылуу жана бирине бири ишеним арткан маанайда болуп келген. Анткени Түндүк Кореянын 1950-жылы Ким Чен Ындын чоң атасы Ким Ир Сен баштаган Корей согушунда утулуп калбашына Кытайдын жана Советтер Союзунун колдоосу жардам болгон, – дейт эксперт. – Түндүк Корея көз каранды эмес мамлекет бойдон калып, азыркыга чейин “кансыз согуштун” анахронизми болуп келатат. Анан, албетте, Түндүк Корея лидери Орусиянын жетекчилерине атасы жана чоң атасы советтик лидерлерге ыраазы болгон сыяктуу эле Ким династиясы бийликте калып, Корей жарым аралын күч менен болсо да бириктирүүгө үмүт артып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону үчүн ыраазы".

Петров корей согушу азыр деле аяктай электигин, андыктан, Түндүк Корея жөнөкөй куралын гана эмес, жапырт кыргын салуучу куралын качан болсо да колдонуп жиберүүгө даяр экендигин белгиледи. Соңку 70 жылда Пхеньян жөнөкөй куралдын эле канча деген түрүн өтө көп топтой алды.

Украина

"Ал эми Орусияга азыркы учурда украин жарандарын өлтүрүү, шаарларын талкалоо үчүн, балким, Украина гана эмес, кайсы бир башка да пландары үчүн дал ошондой курал-жарак керек болуп турат. Ошондуктан Түндүк Кореянын лидери өзүнө пайда көрүш үчүн Орусияны дагы көп айлар бою курал менен камсыздап туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенине кубанычта. Эмне үчүн? Анткени Түндүк Корея Орусиянын курал-жаракка айырбаштай ала турган кандай гана азык-түлүгү, бензини, мунайы, газы болбосун, баарына муктаж", – деп эсептейт Петров.

Дагы караңыз Ракета, буудай, мунай. Путин менен Ким эмне алмашат?

Өзөктүк коркунучту күчөткөн кызматташтык

Эл аралык баяндамачы Иван Преображенскийдин пикиринде, Москва менен Пхеньяндын "стратегиялык өнөктөштүгүнүн" маңызы "сен мага снаряд бересиң, мен сага ракеталык технологиялардан берем" деген бир гана формулага негизделүүдө.

«Украинадагы агрессиясы уланып жаткан Орусия үчүн Түндүк Корея запастарын толуктап алууга зарыл техникалык база болууда. Москва анын эски аскердик техникасын, снаряддарын жана советтик типтеги башка да түрдүү курал-жарагын сатып алып жатат. Ордуна Түндүк Кореяга зарыл болгон өзүнүн, а балким, ирандык (так айтуу кыйын) ракеталык технологияларын жөнөтүүдө, – деди ал «Америка добушуна» курган маегинде.

Преображенскийдин айтымында, Москванын дагы бир максаты бар: «Пхеньян АКШнын аймагына чейин даана жете ала тургандай ракеталарды жасагысы келерин жашырбайт. Бул ага шантаж кылуу үчүн аргументтерин бекемдөөгө керек. Кремлде аны жакшы билишет жана душманынын душманын колдомой болушту. Бул узак мөөнөттүү өнөктөштүк. Анткен себеби Түндүк Кореяда Орусиянын согушту улантышына зарыл болгон ок-дары жана курал-жарак өндүрүүчү заводдору өтө көп».

Талдоочу эки өлкөнүн мындай жакындашуусу Кытайдын «достук бейтараптык» мамилеси алдында өнүгүп жатканына көңүл бурууда. «Кыязы Кытай Түндүк Кореянын Орусиядан жардам алуусуна каршы деле эмес окшойт. Бээжин Пхеньянды толук көзөмөлдөй албайт деле жана эки өлкөнүн ракета тармагындагы кызматташтыгы кытайларды кубандырбайт чыгар. Бирок бул маселеге келгенде Ким менен Путин чечимдерди өз алдынча кабыл алмайга өтүп калышты».

Преображенский айткандай колуна жаңы технологиялар тийгенден кийин Пхеньян, албетте, анысын жарыялагысы келбей койбойт. "Себеби Түндүк Корея өзөктүк шантаж жагынан чемпион жана Орусиянын устаты. Эл аралык саясатка мындай ыкманы дал ошол Түндүк Корея киргизген. Москва ракета тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр деп так айта алам. Анткени азыркы күндө Кремлдин жогото турган эч нерсеси жок. Путин ошондой мүмкүнчүлүктү канчалык кеңири колдонушу мүмкүн экенин айтуу кыйын. Менимче, баары украин фронтундагы окуялардын өнүгүшүнө жараша болот го", - деп кошумчалады эксперт.

"Путиндик Орусия жана Түндүк Корея – "элден чыгып калган" өлкөлөр, баары ошондон улам болууда", - деп эсептейт социолог жана публицист Игорь Эйдман. Ошондуктан, анын пикиринде, Москва менен Пхеньян тил табышып, мамилесин бекемдеп жатканы түшүнүктүү көрүнүш.

«Эл аралык аренада обочодо калып, эркин дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү менен байланышы өтө чектелип, санкциялык басым алдында калгандыктан алар жөн гана бири-бирине жардам берүүгө аргасыз, себеби башка өнөктөштөр жок, тандап алчу эч кимиси жок. Кызматташтык примитивдүү, бирок өз ара пайдалуу шартта жүрүп жатат. Орусия ракета, снаряд жана башкаларды алып жатат», - деди Эйдман.

Путинди бул сапарында вице-премьер-министр Денис Мантуров, коргоо министри Андрей Белоусов жана тышкы иштер министри Сергей Лавров коштоп жүрүштү.

Түндүк Корея — Орусиянын Украинага кол салуусун ачык колдогон жана Крым жарым аралын күчтөп аннексиялап алганын тааныган саналуу гана өлкөлөрдүн бири.

Акыркы жолу Путин Пхеньянга 2000-жылы, өлкөнү Ким Чен Ир жетектеп турганда барган.

Ким Чен Ын 2023-жылдын 12-17-сентябрында Орусияга барып, Комсомольск-на-Амуре шаарындагы “Восточный” космодромунда, Приморьедеги Кневичи аэродромунда жана Владивостокто болгон.

Путин менен Ким Чен Ындын алгачкы жолугушуусу 2019-жылы Владивостокто өткөн.