Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Путин Кимден курал-жабдык алабы?


Ким Чен Ын менен Владимир Путин жолугат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

Ким Чен Ын менен Владимир Путин жолугат

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын президенти Владимир Путин жакын арада Владивостокто жолугары күтүүлүүдө. Эки лидер Пхеньяндын Москвага курал-жабдык жеткирүү маселесин талкуулашы мүмкүн экенин АКШнын бийлиги 4-сентябрда билдирди. Кремль бул маалыматты ырастоодон баш тартты. Батыштын санкцияларына кабылып, обочодо калган Москва менен Пхеньян Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери байланыштарын бекемдөө аракетин көрүп келет.

Путин менен Кимдин ыктымал жолугушуусу тууралуу алгач The New York Times басылмасы америкалык аткаминерлерге таянып 4-сентябрда жазды. Ошол эле күнү кечирээк маалыматты Кошмо Штаттардын расмий өкүлдөрү ырасташты.

«Ким Чен Ын курал-жабдык тууралуу сүйлөшүүлөрдү лидерлердин деңгээлинде Орусияда улантууну көздөп жатканы тууралуу бизде маалымат бар», - -деди Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Эдриенн Уотсон.

Ким Чен Ын менен Владимир Путин жолугат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

The New York Times басылмасынын булактары боолгогондой, эки лидер Владивостокто 10-13-сентябрь күндөрү өтчү Чыгыш экономикалык форумунун алкагында жолугат. Ким ал жакка адаттагыдай чопкутталган поездде барат. Анткени атасы Ким Чен Ирдей болуп ал чет жакка учак менен баруудан кооптонот.

Кремль азырынча бул маалыматты ырастоодон баш тартты. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков "бул тема боюнча эч нерсе айта албастыгын" 5-сентябрда билдирди.

Москва куралга, Пхеньян азык-түлүккө муктаж

Маалыматка караганда, Путин Кимди Орусияга артиллериялык ок-дарыларды жана танктарга каршы ракеталарды жөнөтүүгө ынандырууну көздөйт.

Ал эми Ким Москвадан спутниктер жана суу алдында жүрүүчү атомдук кемелер үчүн жаңы технологияларды алгысы келет. Түндүк Корея ошондой эле азык-түлүккө муктаж. Өлкөгө киргизилген Батыштын санкциялары жана пандемиядан улам каатчылык соңку эки жылда күч алды.

Сеулдагы KOOKMIN университетинин Түндүк Корея боюнча эксперти Андрей Ланков «Рейтерс» агенттигине курган маегинде Пхеньян Москвадан көп нерсени үмүт кылбай эле койсо болот деген пикирин бөлүштү.

«Ким Чен Ын Орусиядан кандайдыр бир экономикалык жардам алгысы келет. Балким ага кандайдыр бир убадалар берилет. Бирок чындыгында көп жардам ала алат деп ойлобойм. Анткени бул Орусия үчүн өтө маанилүү эмес. Түндүк кореялыктар чоң жардамдан үмүт кылбай эле койсо болот. Пхеньяндын жумушчуларын жөнөтүп, акча таап алууга мүмкүнчүлүгү бар», - дейт Ланков.

Ал эми Вашингтондогу Гудзон институтунун аскердик-саясий анализ борборунун директору Ричард Вайц «Америка добушу» радиосуна берген комментарийинде Москванын Түндүк Кореядан курал-жабдык күтүшү Орусиянын ичинде курал-жабдык жаатында кырдаал анчейин эместигин айгинелей турганын айткан.

Согуштан кийин бекемеделе баштаган алака

Ким Чен Ындын сапары тууралуу сөз Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу июлда Пхеньянга барганда козголгон. Шойгу корей согушунун аякташынын 70 жылдыгына арналган парадга катышып, Түндүк Кореянын армиясын "дүйнөдөгү эң күчтүү" деп атаган.

Бул Москванын жогорку деңгээлдеги аскерий өкүлүнүн 1991-жылдан берки Пхеньянга биринчи сапары болуп калды.

АКШ Орусия менен Түндүк Кореянын кызматташуусу кеңейип баштаганын бир жыл мурда эскерткен. Ошондо эле Вашингтон чалгын кызматтарынын маалыматына таянып, Орусия Украинада колдонуу үчүн артиллериялык снаряддарды сатып алууну көздөп жатканын айтышкан.

Кийин АКШ Ак үйүнүн өкүлү Жон Кирби Түндүк Корея Орусияга Жакынкы Чыгыш жана Африка аркылуу курал жеткиргенин билдирген.

Буга чейин чалгын кызматынын маалыматына таянып, Ак үй Путин менен Ким курал-жабдык макулдашуусун кат аркылуу талкуулаганын билдирген. Жон Кирби аскердик кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосунда активдүү жүрүп жатканын 30-августта маалымдаган.

"Эки өлкө ортосундагы потенциалдуу келишимдерге ылайык, Орусия Түндүк Кореядан курал-жабдыктын бир нече түрүн алат. Аларды орус аскерлери Украинада колдонууну көздөшүүдө. Ошондой эле алдыдагы макулдашуулардын негизинде Орусиянын коргоо өндүрүшүнө керектелчү чийки заттар да жеткирилет. Мунун баары Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин бир катар резолюцияларына каршы келет", - деген Кирби.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва Пхеньян менен алакасын тереңдете берерин айтып, Түндүк Кореяны "Орусиянын аймактагы эң маанилүү коңшусу" деп атаган. Ал эми Пентагондун маалымат катчысы Патрик Райдер Пхеньянды Москва менен курал-жабдык жаатында кызматташпоого чакырды.

"Орусия кошумча курал-жабдык жана ок-дары табуу үчүн элден чыгып калган режимдерди издеп жатат, анын ичинде Иран да бар. Бул эң башкы маселе. Ошондуктан биз дагы бир ирет Түндүк Кореяны Орусия менен сүйлөшүүлөрдү токтотуп, Украинадагы бейкүнөө адамдарга каршы колдонула турган курал-жабдыктарды бербөөгө чакырабыз", - деди Райдер.

Ким менен Путиндин алгачкы жолугушуусу 2019-жылы ушул эле Владивостокто өткөн. Ал кезде поезд станцияга жакындап келатканда ак мээлейчен түндүк кореялык кызматкерлер Ким кармай турган поезддин эшик кармагычтарын сүртүп, поезд менен чогуу чуркашкан.

Орусияга Түндүк Кореядан курал жеткирүүгө кызыкдар казакстандык компания

Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Казакстандын, Орусиянын жана Словакиянын компанияларын санкциялык тизмеге киргизди. Буга алардын Түндүк Корея менен байланышы түрткү болду. АКШ бийлиги билдиргендей, бул фирмалар Орусияга Түндүк Кореядан курал-жабдык жеткирүү тууралуу келишимдердин түзүлүшүнө көмөктөшкөн.

Астанада 2018-жылы каттоодон өткөн Defense Engineering, Орусиядагы "Верус" жана Словакиядагы Versor компаниясынын баарынын ээси бир - словакиялык ишкер Ашот Мкртычев.

АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, Мкртычев өз компаниялары аркылуу Орусияга Түндүк Кореядан курал-жабдыктын 20дан ашуун түрүн жеткирүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Пхеньянга салынган эл аралык санкцияларды бузган.

Азербайжанда туулуп өскөн, Словакиянын жараны Мкрытчев өзү АКШнын санкциясына ушул жылдын март айында илинген.

Каржы министринин орун басары Брайан Нельсон билдиргендей, АКШ мындан ары дагы "Түндүк Кореянын курал-жабдыгын орусиялык аскердик машинага жеткирүүгө көмөктөшкөн мыйзамсыз түйүндөрдү казып, ачыкка чыгара берет".

Америкалык аткаминерлердин айтымында, Кытай Орусияга эл аралык эскертүүлөргө карабастан технология менен кош максатта колдонулчу товарларды жеткирип келет, бирок дрон же оор аскердик техника жөнөтүүдөн карманып турат.

Иран Орусия Украинада активдүү колдонуп жаткан «Шахед» жанкечти-дрондорун берип, учкучсуз аппараттарды чогулткан завод курууга жардамдашууда. Ак үй билдиргендей, Американын эскертүүлөрүнөн кийин Иран Орусияга баллистикалык ракета жеткирүү планын азырынча токтотту.

Түндүк Корея Сирия менен катар былтыр күздө Украинанын төрт облусунун аннексиясын тааныган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG