Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Ракета, буудай, мунай. Путин менен Ким эмне алмашат?


Орусиянын президенти Владимир менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. 25-апрель, 2019-жыл. Архивдеги сүрөт.
Орусиянын президенти Владимир менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. 25-апрель, 2019-жыл. Архивдеги сүрөт.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын поезди Орусиянын аймагына кирди. Кимдин бул сапары дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда. 13-сентябрда Владивостокто ал президент Владимир Путин менен Пхеньяндын Москвага курал-жарак жеткирүү маселесин талкуулашы мүмкүн. АКШ эки тарап бул маселени макулдашса жаңы санкцияларды саларын эскертти.

Түндүк Кореянын маалымат каражаттары Ким Чен Ын Орусияга чопкутталган жеке поезди менен сапар алганын 12-сентябрда гана кабарлап, сүрөттөрүн жарыялашты. Аны мамлекеттик кызматкер, дипломаттардан турган чоң делегация узатканын жана жоон топ аскерлер коштоп кеткенин көрүүгө болот. Ким Чен Ындын поезди Орусиянын аймагына киргенин Түштүк Кореянын бийлиги ырастап, орус маалымат каражаттары кадрларды көрсөттү.

«Интерфакс» агенттиги Ким Чен Ын түшкөн поезд шейшемби күнү эртең менен “өтө жашыруун шартт” Орусия темир жолу менен Түндүк Кореянын ортосундагы жалгыз чек ара бекети – Хасан станциясынан өткөнүн, Уссурийскиде поезддин локомотив бригадасы алмашып, андан кийин Транссибирь темир жолу менен батышты көздөй жөнөгөнүн жазды.

Москва - Пхеньян: Согуш, санкция, курал
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

Ким Чен Ын менен Путин жакын арада Владивостокто жолугушу мүмкүн экенин АКШнын бийлиги 4-сентябрда эле билдирген. Москва бул маалыматты 11-сентябрда гана ырастады.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков так убактысын айтпастан, Путин менен Ким "ар кайсы тармактар боюнча эки тараптуу кызматташууну, аймактагы кырдаалды, эл аралык маселелерди" талкуулай турганын билдирди.

Ал ошондой эле эки лидердин сүйлөшүүсүнө Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу да катышарын, жолугушуунун жыйынтыгында эч кандай маалымат жыйыны күтүлбөй турганын кошумчалады.

Бир катар маалымат каражаттары эки лидер 13-сентябрда жолугарын жазды. Путин Владивостокко шейшембиде барды. Ал жакта бул күндөрү Чыгыш экономикалык форуму өтүп жатат. Быйыл аталган иш-чарага чет жактан жогорку даражалуу өкүлдөр келбегенине Темпл университетинин политология боюнча профессору Жейм Ж.Браун көңүл бурду:

- Бир нече жыл мурда Чыгыш экономикалык форумуна Жапониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ, Түштүк Кореянын президенти келди эле. Былтыр Индиянын премьер-министри Моди болгон. Быйыл иш-чарага келген улуттук лидер жалгыз Ким Чен Ын болот, - дейт ал.

АКШ эки өлкөгө санкция саларын эскертти

Британиялык Financial Times басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, Путин менен Ким Түндүк Кореядан артиллериялык снаряддарды, танктарга каршы ракеталарды Москвага жөнөтүү маселесин талкуулашат. Ал эми Москва Пхеньянга буудай, мунай, аскердик технологияларды жана акча сунушташы мүмкүн. Буга чейин орус өкмөтүнүн өкүлдөрү түндүк кореялык мигранттарды оккупацияланган Донбассты калыбына келтирүү иштерине жөнөтүүгө даяр экенин билдиришкен.

Орусиялык саясат таануучу Александр Морозовдун айтымында, Путин азыр кага ала турган эшик аз болгондуктан, Пхеньяндан жардам суроого муктаж.

«Кремль көп деле нерсе ала албайт. Пхеньян жөнөткөн курал-жарак кырдаалды кескин түрдө өзгөртпөйт. Бирок кызматташуунун көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Биринчиден, орус өкмөтү билдиргендей, ишканаларда 60% жумушчулар жетишпейт. Ошондуктан түндүк кореялык жумушчуларды жана адистерди тартуу толук мүмкүн. Азыр болбосо да жарым-бир жылда башталат», - дейт Морозов.

Украинадагы Келечек институтунун эксперти Иван Ступактын айтымында, Пхеньяндын курал-жарагы Украинадагы майданда кырдаалды анчейин деле өзгөртпөшү мүмкүн:

- Эгер курал-жаракты жеткирүү жагы жолго салынып, үзгүлтүксүз ишке ашып турса, Орусия аларды чоң кампалар жайгашкан Луганск облусуна алып барып, ал жактан жаңы окуппацияланган аймактарга тартышы мүмкүн. Бул кайсы бир баскычта жардам бериши ветвилась. Бирок мен Орусиянын аймагында бул кампаларды аныктап жок кыла турган партизандар табыларына ишенем.

Ступак Түндүк Корея санкциялардан коркуп, курал-жаракты түз жеткирбестен үчүнчү мамлекеттер аркылуу жөнөтүп, билмексенге салып коюшу ыктымал экенин боолголойт.

Вашингтон Путин менен Ким курал-жарак тууралуу макулдашса, аларга каршы жаңы санкция салууга даяр экенин эскертти. Бул тууралуу 11-сентябрда АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мэтью Миллер билдирди:

- Биз бул жолугушуунун жыйынтыгына тыкыр көз салып турабыз. Түндүк Кореядан Орусияга курал жөнөтүү БУУнун Коопсуздук кеңешинин көптөгөн резолюциясын бузуу болорун эки өлкөнүн тең эсине салам. Биз, албетте, Орусиянын согушун каржылаган адамдарга каршы санкцияларды салабыз жана аны улантабыз, ошондой эле зарыл болсо эч токтоосуз жаңы санкция киргизүүгө даярбыз.

Согуш, санция, алакалар

Батыштын санкцияларына кабылып, обочодо калган бул эки мамлекет 2022-жылы Орусия Украинага толук согуш ачкандан тарта өз ара алакасын бекемдөөнүн аракетинде. Ким Чен Ын менен Владимир Путин соңку ирет 2019-жылы Владивостокто жолуккан.

Ким Чен Ындын сапары тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу июлда Пхеньянга барганда сөз козголгон. Шойгу корей согушунун аякташынын 70 жылдыгына арналган парадга катышып, Пхеньяндын армиясын "дүйнөдөгү эң күчтүү" деп мактаган.

Бул Москванын жогорку деңгээлдеги аскерий өкүлүнүн 1991-жылдан берки Пхеньянга биринчи сапары эле.

АКШ Орусия менен Түндүк Кореянын кызматташуусу кеңейип баштаганын бир жыл мурда эскерткен. Ошондо эле Вашингтон чалгын кызматтарынын маалыматына таянып, Орусия согушка артиллериялык снаряддарды сатып алууну көздөп жатканын айтышкан.

Быйыл август айында АКШнын Каржы министрлиги Орусияга Түндүк Кореядан курал-жарак жеткирүү тууралуу келишимдерди түзүүгө көмөктөшүп жаткан үч компанияга санкция салган. Алардын бири Казакстандын аймагында жайгашкан.

Министрликтин маалыматына караганда, бул үч компанияны словакиялык ишкер Ашот Мкртычев иштетет. Орусияга Түндүк Кореядан курал-жарактын 20дан ашуун түрүн жеткирүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Пхеньянга салынган эл аралык санкцияларды бузган.

Каржы министринин орун басары Брайан Нельсон билдиргендей, АКШ мындан ары дагы "Түндүк Кореянын курал-жарагын орусиялык аскердик машинага жеткирүүгө көмөктөшкөн мыйзамсыз түйүндөрдү таап, ачыкка чыгара берет".

Түндүк Корея Сирия менен катар былтыр күздө Москванын Украинанын төрт облусунун аннексиялап алганын тааныган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG