Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Күтүүсүз саммиттин жемиши


Трамп менен Ким чек ара сызыгынан ары, Түндүк Кореянын аймагына өтүп, кайра кайтып келатышат. 30-июнь, 2019-жыл.
Трамп менен Ким чек ара сызыгынан ары, Түндүк Кореянын аймагына өтүп, кайра кайтып келатышат. 30-июнь, 2019-жыл.

Жекшембиде АКШнын президенти менен Түндүк Кореянын лидеринин күн мурунтан жарыяланбаган жолугушуусу өттү.

Дональд Трамп Түндүк Корея жергесине кадам койгон алгачкы америкалык президент болуп калды. Бири-бирин катуу сындап, коркутуп келген мамлекеттердин жетекчилеринин үчүнчү сүйлөшүүсүндө эмнеге жетишилди?

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен кездешүүнү көздөп турганын Осакадагы «Чоң жыйырманын» саммитинде, 29-июнда күтүүсүз билдирди.

Анын Түштүк Кореяга барары мурдатан пландалган. Бирок анын 30-июнда Түндүк Кореянын лидерине жолуга кетүү ынтаасы коомчулукка гана күтүүсүз болгон жок.

«Чынында мага жолугууну каалай турганыңыз тууралуу билдирүүнү эртең менен алганда таң калдым. Андан кийин эле жолугушууну бүгүн түштөн кийин өткөрүү тууралуу расмий сунуш келгенин билдим», – деди Ким Чен Ын.

Анын алдында эки лидер жылуу учурашып, Трамп аскердик демаркациялык сызыктын ары жагына өттү. Ошентип ал Түндүк Кореянын аймагына кирген алгачкы америкалык президент болуп калды.

Калган сүйлөшүү эки Кореянын ортосундагы демилитаризациялык аймакта уланды. Трамп ишембиде эки гана мүнөткө жолугарын айтып жаткан. Иш жүзүндө жабык жолугушуу 50 мүнөтчө созулду.

Андан соң Трамп сүйлөшүүлөрдү мындан ары улантыш үчүн атайын команда түзүүнү Ким менен макулдашканын билдирди.

«Алар жакынкы жумаларда жолугуп, процессти башташат, андан ары эмне болорун көрө жатарбыз», - деди АКШ президенти. Ал кеп убакытта эмес, натыйжада экенин белгиледи жана Кимди кийинки жолугушуу үчүн Вашингтонго чакырды. «Бул улуу күн, абдан легендарлуу жана тарыхый окуя», деп баалады Трамп 30-июндагы саммитти.

«Башкалар күтпөгөн дурус окуяларды жараткан биздин мыкты мамиле улана берет. Сыйкыр күч бизди бардык тоскоолдуктарды жоюуга алып келерине ишенем», - деп кубаттады аны Түндүк Кореянын лидери.

Тирешүүдөн тил табышууга

Вьетнамдагы жолугушуу. 28-февраль, 2019-жыл.
Вьетнамдагы жолугушуу. 28-февраль, 2019-жыл.

Түндүк Корея 2018-жылга чейин өзөктүк бомбаларын, баллистикалык ракеталарын байма-бай сынап, жакындан Түштүк Корея, Жапония өңдүү коңшуларын, алыстан АКШны коркутуп келди. Буга байланыштуу Вашингтон Пхеньянга экономикалык санкцияларды салган. Эми аны алып салууга ашыга элек. Журналисттер бул ирет да санкция боюнча Трампка суроо узатышты.

«Алар кала берет. Кайсы бир убакта алынат. Мен аны абдан күтүп атам. Бул өлкөгө санкциялар салынып турганы мага жакпайт. Чыдамсыздана күтүп атам, бирок санкциялар кала берет», - деп жооп берди Трамп.

Сүйлөшүүнүн маңызы - Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу. Андай болсо санкциялар гана алынбастан, экономикалык да жардам болоруна АКШ да, Түштүк Корея да убада берген.

Саммиттен кийин учакта кайтып келатканда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео журналисттерге маек курду. Анда «Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча кандайдыр жалпы макулдашууга жетише алдыңарбы?» деген суроо болду.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

«Биз андай кылган жокпуз. Бирок маселенин үстүнөн көп иштедик. Ошон үчүн азыр баштапкы орунда эмеспиз. Бизде алар эмнени күтүп жатканы жана аны алдыга жылдыра алчу жолдор тууралуу түшүнүк бар», - деди Помпео.

«Баштапкы орун» деп мамкатчы 2018-жылга чейинки убакты эске алууда. Эки лидер өткөн жылдын 12-июнунда алгач ирет Сингапурда жолуккан эле. Андан кийин быйыл февралдын аягында Вьетнамда жүз көрүшүп, бирок сүйлөшүү аягына жетпей үзүлгөн.

Тараптар санкцияларды алып салуу, Түндүк Кореянын өзөктүк системасын демонтаж кылуу маселесинде тил табыша албай келатышат. Жекшембидеги билдирүүлөрүндө Трамп да, Ким да өз позицияларын жумшартаары тууралуу ишарат кылышкан жок.

«АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда дагы эле олуттуу пикир келишпестик бар. Кеп Түндүк Корея эмгиче өзөктүк обьектилеринин тизмесин бербегенинде гана эмес. Вашингтон менен Пхеньян өзөктүк куралдан арылуу идеясын ким кандай түшүнөрүн да тактай элек» - деп жазды «Америка үнү» радиосу.

Ким Чен Ын «Хвасон-12» ракетасын сыноого көз салууда. 2017-жыл, ноябрь.
Ким Чен Ын «Хвасон-12» ракетасын сыноого көз салууда. 2017-жыл, ноябрь.

Ушул эле радиого АКШнын Мамлекеттик департаментинин мурдагы кызматкери, Корея боюнча адис Минтаро Оба маек курду.

«Дипломаттардын ишин татаалдаштырып аткан негизги маселелер менен алектенүүгө тараптар камбыл экендигине эч бир белги жок. Маселен, санкцияны жокко чыгаруудагы пикир келишпестик. Эгер жумуш топтору бул маселелерди чечүүдө жаңы, конструктивдүү ыкмаларды колдонууга мандат ала алышпаса, анда бир нерсеге жетише аларын элестетүү оор», - деп абалга сереп салды ал.

Америкадагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун өкүлү Бонни Глейзер «Трампка «буга чейин эч бир президент жасаган эмес» деген нерсени жасоо жагат» деп баа берди. Ал жылуу сөздөр айтылганы менен конкреттүү кадамдар тууралуу эч жаңылык жок экенин эске салып, акыркы саммиттин натыйжасына көп деле үмүт артпай турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG