19-июндан 23-июнга чейинки туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суу кирет.
20-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндуз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градус жылыйт.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 33…35° ысыйт.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын табы түнкүсүн 14…16°, күндүз 25…27° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 18-июнда күндүз 20°, 19-июнда эртең менен 18,3° жылуу болду.
Дагы караңыз
Сауд Арабия дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлерине визасыз кирүүгө уруксат беретЕвропа чемпионаты: Грузия дебют жасап, түрк-грузин күйөрмандары мушташты“Kg Group” компаниясы курган үйлөр эксплуатацияга берилип, мыйзамдаштыЖогорку Кеңеш “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу боюнча макулдашууну үч окууда колдоду Сот Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды