Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:44

Сауд Арабия дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлерине визасыз кирүүгө уруксат берет


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (оңдо) жана Сауд өнүктүрүү фондунун башчысы Султан Абдурахман Аль-Маршад. Апрель,2023-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (оңдо) жана Сауд өнүктүрүү фондунун башчысы Султан Абдурахман Аль-Маршад. Апрель,2023-жыл.

Кыргыз өкмөтү менен Сауд Арабиясынын өкмөтүнүн ортосунда Дипломаттык жана кызматтык, атайын паспорт ээлерине визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө меморандум ратификацияланды.

Бул тууралуу мыйзамга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы 19-июнда кабарлады.

Меморандумга тараптар быйыл 7-мартта Бишкекте кол коюлган. Жогорку Кеңеш аны 15-майда ратификациялаган.

Меморандумга ылайык, ар бир тараптын жарандары дипломатиялык же атайын, кызматтык паспорт ээлери миссия менен же жеке максатта экинчи тараптын аймагында 180 күн жүрө алат. Анын ичинде үзгүлтүксүз 90 күндөн ашпаган убакта же бир нече жолу кирип, жүрө алат.

Маалыматта бул мыйзам "ишкерликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандардын - дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлеринин эки өлкө аймагында жүрүүсүн жеңилдетет", - деп жазылган.

Былтыр августтун башында Сауд Арабия Кыргызстанды конок визасы бериле турган өлкөлөрдүн катарына кошкон. Ага ылайык, электрондук виза бир жылдык мөөнөткө берилет. Визанын бул түрүн алгандар Сауд Арабиянын аймагына көп жолу кирип, 90 күнгө чейин жүрсө болот. Жарандар конок визасын онлайн портал аркылуу жана Сауд Арабиясынын эл аралык аэропортторунан алышат.

Былтыр апрель айында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад Бишкекке келип, калкты турак жай менен камсыздоо жана Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо долбоорлоруна 100 млн доллар насыя берүү келишимине кол коюп кеткен.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG