Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:14

“Kg Group” компаниясы курган үйлөр эксплуатацияга берилип, мыйзамдашты


Имамидин Ташов, “Kg Group” компаниясынын негиздөөчүсү.
Имамидин Ташов, “Kg Group” компаниясынын негиздөөчүсү.

“Kg Group” курулуш компаниясы Бишкекте курган бир нече үй мыйзамдаштырылып, эксплуатацияга берилди.

Калаадагы Абай -7а дарегинде жайгашкан “Сейтек”, Токомбаев -33, 33а дарегинде жайгашкан “Датка Ордосу” жана Куйручук - 26, 26/1 дарегинде жайгашкан “Шабдан” турак жай комплекстеринин жашоочуларына үйлөрдүн тиешелүү актысы берилди. Актыларды архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев батир ээлерине 19-июнда тапшырды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул турак жай комплекстеринин уруксат кагаздары 2017-жылдан бери бүтпөй келген.

"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген шек менен кармалып, камакка алынган.
Көп өтпөй аталган компаниянын лицензиясы алынары кабарланган. Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги компаниянын лицензиясы бул ишкана курган үйлөрдүн мыйзамдуулугуна байланыштуу маселе чечилгенден кийин кайра караларын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) издөөдө жүргөн Имамидин Ташов Панфилов районунун Кайыңды айлында кармалганын 22-апрелде кабарлаган. УКМК Ташов “бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган” деп маалымдаган.

Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде 2023-жылы октябрда кармалып, 52 млн сом төлөп бергенден кийин, ошол эле жылы 8-декабрда үй камагына чыккан.

2024-жылы 9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын айткандарын четке каккан.

Бир күндөн кийин, 10-январда Атайын кызмат "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Атайын кызмат Имамидин Ташов тергөө абагында отурганда издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG