Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу тууралуу үч өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралды.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев баяндама жасап, темир жолдун маршруту, суммасы, каржылоосу жөнүндө маалыматтарды берди. Ал темир жол Торугарттан кирип, Макмал аркылуу Жалал-Абадга өтүп, андан ары Өзбекстан тарапка кирип кетерин белгилеп, темир жолдун картасын көрсөттү.
Депутаттар Гуля Кожокулова менен Дастан Бекешев макулдашуунун деталдары жөнүндө суроолорду берди. Мындан соң депутат Надира Нарматова маселени талкуусуз карап, кабыл алууну сунуштады. Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев бул сунушту добушка коюп, ал өттү. Депутаттар ратификациялоо мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алды.
Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети мыйзамды 18-июнда карап, жактырган.
“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланганын билдирген.
19-июндагы жыйында Ырысбек Бариев келтирген маалыматта долбоордун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн.
Мунун тең жарымы – 2 млрд 332 млн долларды үч мамлекет чогуу чыгарат. 51%ын Кытай берет, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Мында долбоорго Бээжин 1 млрд 187 млн доллар, Бишкек 573 млн доллар жана Ташкент 573 млн доллар түз салым катары салышы керек.
Сумманын экинчи жарымы – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн үч өлкө Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) түзөт. Ал ишкана Кыргызстанда жайгашат. Кошкон каражаттарына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.
“Кыргыз темир жолу” компаниясынын башчысы Азамат Сакиев бир күн мурунку жыйында калган маселелер учурда даярдалып жаткан Инвестициялык макулдашууда өзүнчө жазыларын белгилеп, темир жол ага кеткен каражатты актап бүткөн соң анын Кыргызстандагы бөлүгү толугу менен кыргыз тарапка өтөрүн белгилеген. Ал муну үчүн баштапкы мөөнөт катары 31 жыл деп эсептелип жатканын кошумчалады.
Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун киргизген. Ага ылайык, темир жолду курууга Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому жооптуу болот.
Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында курулат. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 13-июндагы отурумунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл август айында башталарын маалымдаган.
6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, проектти каржылоо маселеси чечилген.
2022-жылдын сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусун утурлай “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. (ErN)