Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Европа чемпионаты: Грузия дебют жасап, түрк-грузин күйөрмандары мушташты


Грузиялык жарым коргоочу Георгий Кочорашвили. Түркия менен Грузиянын беттеши, 18 июнь, 2024-жыл.
Грузиялык жарым коргоочу Георгий Кочорашвили. Түркия менен Грузиянын беттеши, 18 июнь, 2024-жыл.

Футбол боюнча Европа чемпионатынын тайпалык оюндарынын биринчи айлампасы жыйынтыкталды. 19-июнда экинчи айлампанын оюндары башталат. Шаршембиде F тайпасынын алгачкы беттештери өттү. Түркия биринчи беттешин Грузия менен ойноп, 3:1 эсебинде утуп алды. Португалия кошумча берилген убакытта гол киргизип, Чехияны (2:1) жеңди.

Түркия менен Грузиянын беттеши чемпионаттагы эң кызыктуу оюндардын бири болду. Командалар биринчи бөлүктө 1:1 ойноп, экинчи бөлүгү үстөккө-босток чабуулдары жана кооптуу учурлары менен күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Беттештин 65-минутасында түркиялык жарым коргоочу (“Реал”), 19 жаштагы Арда Гүлер командасын алдыга чыгарды. Анын алыстан тепкен тобу чемпионаттын эң кооз голдорунун бири болду. Оюндун соңку минуталарында Грузияда бир нече жолу гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк болуп, бирок ишке ашкан жок. Түркия каршы чабуулдан пайдаланып, эсепти 3:1ге жеткирди.

Бул беттештин алдында эки команданын футбол күйөрмандары стадиондо мушташып кеткен. Социалдык тармактарда мушташтын видеолору тарады. Полициянын кийгилишүүсү менен мушташ токтогон. Reuters агенттиги ага эки тараптан болжол менен 40тан киши аралашканын жазды.

F тайпасынын экинчи беттешинде Португалия менен Чехия ойноду. Португалия курамында Криштиану Роналду, Бернарду Силва, Бруну Фернандес сыяктуу тажрыйбалуу оюнчулар бар. Ошентсе да чехтер биринчи болуп эсепти ачып, 62-минутада жарым коргоочу Лукаш Провод тепкен гол менен алдыга чыкты. Бирок жети минутадан кийин эсеп теңелди. Беттештин соңундагы кошумча берилген убакытта гана Португалия гол киргизип, 2:1 эсеби менен жеңип кетти.

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталган. Чемпионатка 24 өлкөнүн курама командалары катышууда. Алар алты тайпага бөлүнгөн:

  • А: Германия, Шотландия, Венгрия, Швейцария
  • В: Испания, Хорватия, Италия, Албания
  • С: Словения, Дания, Сербия, Англия
  • D: Польша, Нидерланддар, Австрия, Франция
  • E: Бельгия, Словакия, Румыния, Украина
  • F: Түркия, Грузия, Португалия, Чехия

1/8 финалдын беттештери 29-июндан 2-июлга чейин өтөт. Ал эми чейрек финал 5–6 июлда, жарым финалдык беттештер 9-10-июлга белгиленген. Финалдык оюн 14-июлда болот. (AbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG