19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Ильязбек Тажыбаев жарандык активистти күнөөлүү деп таап, жаза чегерди:
"Токтонасыров Өндүрүш Токтонасырович Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, ага 100 миң сом айып пул салынсын".
Өндүрүш Токтонасыров соттун бул чечимине макул эмес экенин жана ага каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтты:
"Мени 100 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыгып отурат. Кайсы күнөөм үчүн мен бул акчаны төлөшүм керек? Туура эмес. Адилетсиздик. Жогорку инстанцияларга кайрылууга туура келет. Сот көз каранды. Менин эч кандай күнөөм жок. Бул чечимди жарандык позицияма, укук коргоочулук ишмердигиме бут тосуу, бөгөт коюу деп эсептейм".
18-июндагы процессте прокурор Айжамал Мырзасапарова Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сураган. Жарандык активисттин адвокаты укук коргоочунун күнөөсү далилденбегенин айтып, Өндүрүш Токтонасыровду актоону соттон өтүнгөн.
Токтонасыровго Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен козголгон кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда былтыр сентябрдан бери каралууда. 2023-жылы 2-ноябрдагы сот жараянында укук коргоочунун соцтармактардагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берип, активисттин жазгандары “кастыкты козуткан” деген тыянак чыккан.
Сотто укук коргоочунун социалдык тармактарда жазгандарына экспертиза жүргүзүлүп, “кастыкты козуткан” деген тыянак чыкканы белгилүү болгон. Өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар укук коргоочуга козголгон кылмыш ишин сындап, сөз эркиндигине басып катары баалап келишкен.
Буга чейин Токтонасыров Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Эркинбековдун колу коюлган токтомду жарыялаган. Анда "тергөөчү Кылмыш кодексининин 330-беренесинин экинчи бөлүмүнүн үчүнчү пунктуна ылайык козголгон кылмыш ишинин материалдарын карап көрүп, интернетти мониторинг кылууда Токтонасыров Фейсбуктагы өз аккаунту аркылуу расалык, улут аралык кастыкты козутууга, улуттук баалуулуктарды кемсинтүүгө багытталган билдирүүлөрдү таратып жатканын" аныктаган деп белгиленген. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында активисттин телефону алынганы көрсөтүлгөн.
Кылмыш иши 2023-жылы 30-мартта козголгонун активист өзү үч айдан кийин билген. Ошол күнү аны милиция кармап кетип, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат сурак берип чыккан. Кийинчерээк суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.
Бийликке ыктаган жарандык активист Мукай Керимбаев сөз эркиндиги менен кошо жоопкерчилик болушу керек дейт:
“Коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү социалдык тармактарда отурат. Ар бир жазган пост негиздүү кылып, жоопкерчилик менен жазышыбыз керек. Ал эми акыркы учурда сот системасында оң жылыштар бар”.
Өндүрүш Токтонасыров Фейсбуктагы пикири үчүн жоопкерчиликке тартылгандардын алгачкысы эмес. Укук коргоочулар бийликтин дарегине сын-пикир жазып, суракка алынып, соттолгондор арбын экенин айтышат.
Токтонасыровдун айыпка жыгылышына реакциялар
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова:
“Ондогон активисттер, блогерлер Фейсбукка маалымат жазып же "жактыны" басып койгону үчүн сот жообуна тартылып жатат. Өндүрүш ошолорду бири. Бул Кыргызстандын ичиндеги трагедия жана сөз эркиндигинин чектелиши”.
Бурул Усманалиева, жарандык активист:
“Бул өтө начар жышаан. Жигердүү жаран болом, конституциялык укугумду колдоном деген адам ушундай жазага туш болот экен. Бул жөн гана сот чечими эмес, бул башка активисттер үчүн коңгуроо. “Же түрмөгө отур, же ушунча сом төлөгөнгө даяр бол” деген белги. Бул авторитардык, мыйзамсыз чечим. Сот системасы Конституция менен эмес, түшүнүктөр менен башкарылып жаткандыгы мени өкүндүрөт”.
Адил Турдукулов, талдоочу:
“Өндүрүш Токтонасыров - Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда өзгөчө орду бар инсан. Ал кандай гана талылуу маселе болбосун, аны жар салып, чындыкты талап кылып жүрөт. Жарандык коом үчүн ал киши адилеттүүлүктүн символу болуп калбадыбы. Аны мен чыныгы мекенчил жаран катары билем жана үлгү алам. Анткени башкалар унчукпай калса да, Өндүрүш мырза унчукпай калган эмес. Токтонасыровдун адилеттикти талап кылып, көйгөйлөрдү ачык айтып жүргөнү, албетте, бийликке жаккан эмес, Фейсбуктагы пикирин шылтоо кылып, аны жазага тартышты. Сот ага камак жазасын бербегени жакшы болду. Эгер камаса, репрессиялык мамлекет болуп баратканын далилдеп коймок. Айыппул салганы да жакшы эмес. Керек болсо, ал кишиге колдоо көрсөтүп, салынган айып пулду чогултканга да көмөктөшөбүз. Бирок бул чечимге каршы жогорку инстанцияга сөзсүз даттаныш керек”.
Аскер Сакыбаева, медиа эксперт:
“Муну сөз эркиндигин ооздуктоо деп түшүнсөк болот. Өндүрүш Токтонасыров - коомдо болуп жаткан акыйкатсыз көрүнүштөргө дайыма өз оюн, калыс пикирин билдирип келген адам. Андай жаран өзү мыйзамсыз иш жасабайт. Кептин баары бийликтин саясатына ылайыктап чечим кабыл алган соттордо, ошого ылайыктап экспертиза жасап, корутунду чыгарып берген эксперттерде болуп жатат”.
Эмилбек Жороев, саясат талдоочу:
“Социалдык тармактарга жазган пикири үчүн кылмыш ишин козгоо – туура эмес кадам. Бул чечим кайсы бир көрүнүштү бузуп же оңдоп салат деп айта албайм. Тилекке каршы, Кыргызстанда интернеттеги пикири үчүн жазага тартылгандар бир гана Өндүрүш Токтонасыров менен чектелбейт, башкаларга да мындай чара колдонулганын көрүп жатабыз. Анткени буга чейин да болуп келген. Мунусу да ошону далилдеген бир мисал. Жарандык коом муну адилетсиздикке дал келбеген чара катары баалайт”.
65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров активдүү жаран катары адам укуктары, сөз эркиндиги, коррупцияга каршы күрөш, чек ара, орус-украин согушу баштаган мамлекеттеги жана дүйнөдөгү орчундуу маселелерге өз оюн ачык билдирип, ар түрдүү саясий акцияларды уюштуруп, аларга катышып келет.
Маселен, Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталгандарды колдогон митинг өткөргөн, Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда курман болгондорду эскерген акция уюштурган. Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдына Украинаадагы согушту колдогон орусиялык ырчылардын келишине каршы нааразылык акциясына чыккан.
Кыргызстанда талаш жараткан жана саясий өңүтү көбүрөөк талкууланган бир катар кылмыш иштери бар. Өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун командасында мурда-кийин иштеген он бир журналисттин, оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун, активист Афтандил Жоробековдун, жазуучу Олжобай Шакирдин, акын Аскат Жетигендин, активист Адилет Балтабайдын жана социалдык тармактарда сын-пикир айткан дагы бир катар активисттердин иштери жергиликтүү жарандык коомдун жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын кабатырлануусун жаратып келет.
14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков акыркы жылдардагы эң чоң сот жараяны - "Кемпир-Абад иши" боюнча чечим чыгарып, “массалык башалмандыктар” жана “бийликти күч менен басып алууга” айыпталган 22 кишини актады. Муну Кыргызстандагы жарандык коом жана эл аралык уюмдар кубаттады.
Андан көп өтпөй активист Афтандил Жоробековдун да бөгөт чарасы өзгөрүп, үй камагына чыкты.
Парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев “кемпирабадчылардын” чечиминен кийин саясий өңүттөгү дагы башка сот иштерине да чекит коюлушу зарыл деген пикирин "Азаттыкка" билдирген:
“Ушул иштердин баары бүтсө жакшы болот эле. Кезекте журналисттер бар, Мадумаров бар, ошол саясий иштердин баарын бүтүрүш керек. Акташ керек. Ошондо коомчулукта бир ачуу, тирешүү азаят. Ушул иштердин баарын кыскартып, жокко чыгарып таштап, “келгиле чогуу иштейбиз” деп аракет кылса, алдыга жылалы деген саясат болсо жакшы болот. “А” дегенден кийин, “б” да деш керек. Эгер бир ишти баштап туруп, эртең Мадумаровду калтырып койсо, бул таптакыр туура эмес болуп калат. Журналисттер камалып кетсе, таптакыр башка болот. Анткени булар баары бирдей сценарий менен жасалган, жол-жобосу бирдей. Ошондуктан бир кадам жасагандан кийин, экинчи кадамды да жасаш керек”.
Кыргызстанда адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалы начарлап, өз пикирин ачык айткан адамдар кысымга алынып жатканына эл аралык уюмдар кабатырлануусун билдирип келүүдө.
Кыргыз бийлиги мындай сын пикирлерди четке кагып, жарандардын жашоо-турмушун жакшыртууга жана алардын укуктарын коргоо жаатында алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеп келет.