Соңку бир сутканын ичинде Орусиянын армиясы Украинанын Херсон облусундагы 18 калктуу конушту аткылады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудиндин билдиришинче, чабуулда бир адам мерт болуп, дагы бир киши жараат алды. Ошондой эле жети жер там, машина, машина жуучу жай жабыркады.
Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына ылайык, бул аралыкта согуштан он миңдеген жай тургун набыт болду.
Ал арада Швейцарияда 15-июнда Украинанын демилгеси эки күндүк Тынчтык саммити башталды. Ага 92 өлкөнүн жана сегиз эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышары белгилүү болгон жана 57 мамлекеттин президенттери жана өкмөт башчылары баштаган топ келди.
Бул иш-чарага Орусия чакырылган эмес. Расмий Бишкек дагы катышпасын билдирген.
Саммитте Киевдин согушту токтотуу тууралуу талап-шарттары, украин президенти Владимир Зеленскийдин "тынчтык формуласы" деген аталыштагы сунуштары талкууланары айтылган.
Анда негизинен орус аскерлеринин Украина аймагынан, анын ичинде Крымдан толук чыгып кетиши, Орусиянын согуш кылмышкерлеринин үстүнөн эл аралык сот жараянын жүргүзүү, Москваны репарация төлөтүү өңдүү шарттар бар.
Саммитти утурлай Орусиянын президенти Владимир Путин согушту токтотуу тууралуу Москванын шартын жарыялаган. Анда Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан украиналык аскерлердин толук чыгышы, Киевдин НАТОго мүчө болуудан баш тартуусу өңдүү талап болгон. Путин ошондо гана чабуулдарды токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого даяр болорун билдирген.
Владимир Зеленский Путиндин сунушун "ишенүүгө болбой турган ультиматум" деп атады. Ал орус президенти атышууну токтотуу тууралуу талабы аткарылган күндө да согуштук чабуулдарын токтотпосун белгилеген.