Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Быйыл чет өлкөлөрдөгү абактардан 32 кыргыз жараны которулуп келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) быйыл жыл башынан бери чет өлкөлөрдөгү абактарда жаткан 32 кыргызстандык жаран мекенине которулганын билдирди.

Ага ылайык, 29 жаран Орусиядан, эки жаран Казакстандан, ал эми бир жаран Тажикстандан экстрадиция болду.

Министрликтин билдиришинче, учурда дагы 43 жаран которуу алдында турат.

“Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнө соттолгон кыргыз жарандарынан жазасын өз мекенинде өтөө тууралуу түшкөн арыздардын баары Кыргызстандын Башкы прокуратурасына ыкчам түрдө жөнөтүлүп жатат. Консулдар быйыл жалпысынан 40 жаза аткаруу мекемеинде болуп, 286 жаран менен жолугуп чыкты”,-деп жазылган ТИМ тараткан маалыматта.

Апта башында парламентте юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков чет мамлекеттерде абактарда 1,5 миңдей кыргызстандык жаран бар экенин билдирген. Учурда Орусияга 50 адвокат жөнөтүү маселеси каралып жатканын айткан.

ТИМ былтыр былтыр Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын 73ү мекенине которулганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG