Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:55

Швейцариядагы Тынчтык саммитине 90дон ашык өлкөнүн өкүлү келет


Швейцария, иллюстрациялык сүрөт.
Швейцария, иллюстрациялык сүрөт.

Швейцарияда 15-июнда Украинанын демилгеси менен уюшутурулуп жаткан Тынчтык саммитине 92 өлкөнүн жана сегиз эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышат.

Расмий маалыматка ылайык, алардын ичинен 57 мамлекеттин президенттери жана өкмөт башчылары баштаган топ келет.

Бул иш-чарага Орусия чакырылган эмес. Расмий Бишкек дагы катышпасын билдирген.

Саммитте Киевдин согушту токтотуу тууралуу талап-шарттары, украин президенти Владимир Зеленскийдин "тынчтык формуласы" деген аталыштагы сунуштары талкууланары айтылган.

Анда негизинен орус аскерлеринин Украина аймагынан, анын ичинде Крымдан толук чыгып кетиши, Орусиянын согуш кылмышкерлеринин үстүнөн эл аралык сот жараянын жүргүзүү, Москваны репарация төлөтүү өңдүү шарттар бар.

Саммитти утурлай Орусиянын президенти Владимир Путин согушту токтотуу тууралуу Москванын шартын жарыялаган. Анда Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан украиналык аскерлердин толук чыгышы, Киевдин НАТОго мүчө болуудан баш тартуусу өңдүү талап болгон. Путин ошондо гана чабуулдарды токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого даяр болорун билдирген.

Владимир Зеленский Путиндин сунушун "ишенүүгө болбой турган ультиматум" деп атады. Ал орус президенти атышууну токтотуу тууралуу талабы аткарылган күндө да согуштук чабуулдарын токтотпосун белгилеген.

XS
SM
MD
LG