Бишкек мэриясы бүгүн, 15-июнда тартып шаардын борбордук бөлүгүндө маршруткалар каттабай каларын билдирди. Ага ылайык буга чейин 53 каттамга чыккан жалпы 1200дөн ашык кичи автобус шаардын четинде, башка көчөлөр аркылуу каттай баштайт.
Борбордук көчөлөрдөн мындан ары жүрбөй турган маршруткалар:
“Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” муниципалдык ишканасына таандык кичи автобустар:
№101, №111, №117, №129, №131, №143, №163, №164, №176, №179, №185, №199, №200, №201, №211, №230, №240, №254, №260, №265, №285, №295,
Жүргүнчү ташыган жеке фирмалардын кичи автобустары:
№104, №106, №118, №121, №128, №130, №132, №135, №136, №137, №138, №148, №172, №175, №188, №192, №193, №202, №203, №204, №207(жабылат), №208, №215, №220, №224, №243, №252, №257, №258, №266
Бул кичи автобустардын жаңы каттамынын толук картасы менен бул жерден тааныша аласыздар:
Ушул жылдын башында Бишкек шаарына дагы 124 даана автобус келген жана ал Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) долбоорунун жана жапон өкмөтүнүн грантынын негизинде алынганы белгилүү болгон.
Газ менен жүргөн автоустардын узундугу 10,5 метр.
Мэрия Кытай менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, жалпысынан 1000 автобус алынарын, бара-бара кичи автобустар шаардын борбордук бөлүгүндө каттабай каларын билдирген.