Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен 15-июнда телефондон сүйлөштү. Президенттин басма сөз кызматы анда лидерлер өз ара алака-катышты талкуулаганын билдирди.
"Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн өз ара алака-катышын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Президенттер аймактык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери тууралуу да пикир алышты",-деп жазылган маалыматта.
Садыр Жапаров менен Владимир Путин соңку ирет өткөн айда Москвада жолуккан. Кыргызстандын президенти анда 8-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мааракелик отурумуна катышкан жана 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадды көргөн.