Кыргызстанда быйыл 54 795 гектарын чегиртке каптаганы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги кабаорлады жана мындай аянттын басымдуу бөлүгү дарыланып, зыянкечтерден арылганын билдирди. Министпликтин маалыматына караганда, быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болгондуктан чегиртке каптаган жаңы очоктор пайда болгон.
"Адистер жер-жерлерден алган маалыматка ылайык, быйыл чегиртке кеминде 90 миңден ашык жерди капташы мүмкүн. Быйыл жаз айларындагы чегиркелерге жагымдуу аба ырайы жана климаттык шарттан улам буга чейин болбогон, чегиртке каптаган жаңы очоктор пайда болуп, саны кескин көбөйгөн учурлар болду,-деп айтылат маалыматта.
Министрликтин маалыматына ылайык Кыргызстанда чегирткенин 50дөн ашык түрү кездешет жана өз ара үйүрлүү жана үйүрлүү эмес деп бөлүнөт.
Үйүрлүү чегирткелерге, Марокко чегирткеси жана Италия чегирткеси кирет. Аталган эки түр башка чегирткелерден айырмаланып, өтө чоң аянтты каптайт жана айыл чарбасына олуттуу зыян келтирет. Мындай чегиртке алыс аралыкка учат жана бир күндө 100 чакырым аралыкты учуп өтүүгө жөндөмдүү. Өтө сугалак болот, тактап айткнада 500 миң чегиртке бир күндө 2500 адамдын тамагын жейт жана төлчүл келип, бир ургаачы чегиртке 40-80 жумуртка таштайт.
Мындан тышкары коркунучу азырак түрлөрү дагы бар. Алар - Туран чегирткеси, Чырым кобылкасы, Атбасар кобылкасы жана Сибирь кобылкасы. Кээ бир жылдары мындай чегирткелердин саны көбөйүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген учурлар катталган.
Зыянкеч чегирткелердин биологиясына ылайык, алардын жапырт каптоосу ар бир 8-11 жылда кайталанып турат. .
Кыргызстанда 1980-жылы – 570 миң гектар, 1989-жылы – 160 миң гектар, 2008-жылы – 157 миң гектар жана 2018-жылы – 146, миң гектар жерди чегиртке каптаган.