ЖК Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген документти колдоду

Ысык-Көлдүн жээги.

Чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 12-июндагы отурумунда үчүнчү окууда колдоду. Документке 63 депутат “макул”, үч депутат “каршы” добуш берди.

Мыйзам долбоорунун авторлору - депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бакыт Сыдыков.

Депутаттар Султанбай Айжигитов, Гуля Кожокулова буга чейин документтеги рекреациялык аймактардын тизмесин тактоо, алардын катарынан жер аянттарын алып салууну жана оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизип, оңдоп чыгуу сунушун беришкен.

Демилгечилер мыйзам долбоору Кыргызстанга инвестиция тартууну көздөй турганын айтып, “жер тилкеси эмес, анын үстүнө курулган мүлктү сатууга уруксат берилерин” билдиришкен. Баяндамачылар рекреациялык объектилердин катарына эс алуу зоналары, коттеждер, мейманканалар жана башка жайлар кирерин белгилешүүдө.

Бул документ коомчулукта талкууга алынып, Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берүүгө каршы социалдык тармактарда пикирлер жазылган.

Азыр иштеп жаткан мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Ысык-Көлдөн башка аймактарынан чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берилген. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда журналисттерге ыйгарылчу “Мейкин” сыйлыгы уюштурулдуБлинкен ХАМАС "үмүттөндүрүүчү белги" бергенин билдирдиСоттолгон адамга нотариус болуп иштөөгө тыюу салындыБаткенде эки жашар кызды сабаган деген шек менен өгөй атасы кармалдыБазарларда ЭТТК колдонбогон ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилди Жаңы салык системасына каршы соодагерлердин акциясы улануудаЖК Полотованы социалдык камсыздоо министри кызматына талапкерлигин жактырдыКыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев дүйнө салды