Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:16

ЖК Полотованы социалдык камсыздоо министри кызматына талапкерлигин жактырды


Жылдыз Полотова.
Жылдыз Полотова.

Жогорку Кеңеш 12-июндагы жыйынында Жылдыз Полотованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына талапкерлигин жактырды.

50 жаштагы Жылдыз Полотова акыркы төрт жылдан бери сөз болуп жаткан министрликте орун басар болуп иштеп келаткан. Ал 2018-жылы эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп турган кезинде премьер-министрдин уруксатысыз чет өлкөлөргө бир нече ирет саякаттаганы тууралуу чуулгандуу окуядан кийин кызматтан кетип кайра келген.

Президент Садыр Жапаровдун 7-июндагы жарлыгы менен Гүлнара Баатырова башка ишке өткөнүнө байланыштуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган.

Ал бул кызматка 2023-жылы 13-сентябрда дайындалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG