Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:03

Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев дүйнө салды


Самсак Станалиев.
Самсак Станалиев.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Самсак Станалиев узакка созулган оорудан улам 12-июнда дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Самсак Станалиев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Жазы-Кечүү айылында 1950-жылы туулган. 1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун 1966-жылы Кара-Көл шаарындагы “Нарынгидроэнергокурулуш” башкармасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылы Токтогул райондук камсыздоо бөлүмүндө улук эсепчи болуп эмгектенген. 1971–1972-жылдары Токтогул райондук “Учкун” гезитинде адабий кызматкер, 1978–1980-жылдары “Ленинчил жаш” гезитинде иштеген.

Самсак Станалиев поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулган. Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романын, “Манастын бала чагы” эпос-жомоктурун кыргыз тилине которгон.

Жазуучунун “Чагылгандын көз жашы” жана “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” романдары окурмандардын суроо-талабы менен бир нече жолу басылып чыккан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG