Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:10

Блинкен ХАМАС "үмүттөндүрүүчү белги" бергенин билдирди


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) Газадагы согушту токтотуу тууралуу АКШ сунуш кылган жана Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) колдоо тапкан пландын деталдарын талкуулоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттигинин 12-июндагы маалыматында айтылды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бул кабарды "үмүттөндүрүүчү белги" деп атады.

Сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып келе жаткан Катар жана Египет кабарлагандай, алар шейшемби күнү ХАМАСтын формалдуу жообун алышты, «Ислам жихады» тобундагы союздаштары менен бирге жарыялаган билдирүүсүндө Газадагы согушту токтотуу боюнча «келишимге жетишүү үчүн оң мамиле жасоого даяр экендигин» билдиришти. Бирок ХАМАСтын жообунун деталдары айтылган жок.

Ал эми Израил, тескерисинче, ХАМАС Байдендин планын четке какканын айтууда. Reuters агенттиги израилдик өкүлдөргө таянып жазгандай, ХАМАС пландын "бардык негизги жана эң маанилүү, анын ичинде барымтадагыларды бошотуу боюнча параметрлерди" өзгөртүүнү талап кылууда.

10-июнда БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Газадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуш кылган планын колдогон резолюция кабыл алган.

Планды май айынын соңунда АКШ президенти Жо Байден сунуш кылган. Биринчи этабында Израилдин абактарында отурган палестиндерди жана ХАМАС барымтада кармап турган израилдиктерди айырбаштоо, ок атышууну убактылуу токтотуу каралган.

Экинчи этабында барымтадагылардын баарын бошотуу, атышууну толук токтотуу жана Газадан Израилдин бардык аскерлерин чыгарып кетүү сунушталууда.

Эл эми акыркы этабында секторду калыбына келтирүү боюнча эл аралык планды иштеп чыгуу жана ХАМАСтын колунда барымтада каза болгондордун сөөгүн Израилге өткөрүп берүү каралууда.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен сегиз айдан ашуун убакыттан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 37 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Мекеме жарыялаган сан күмөн жаратпай турганын БУУ маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG