Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:08

Жаңы салык системасына каршы соодагерлердин акциясы уланууда


Электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы акцияга чыккан соодагерлер. 12-июнь, 2024-жыл.
Электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы акцияга чыккан соодагерлер. 12-июнь, 2024-жыл.

Электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы болгон “Дордой Дыйкан”, “Ош базары” жана “Азиз” базарынын соодагерлери 12-июнда Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага нааразылык акцияга чыгышты. Алардын айрымдары көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) да колдонууга каршы экенин айтып, патент системасын калтырууну талап кылышты.

Акцияга чыккандар менен Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

10-11-июнь күндөрү “Дордой Дыйкан” менен “Ош базарынын” соодагерлери ЭТТК жана ЭЭФны колдонууга каршы болуп иш ташташкан. Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге ККМ, ЭТТК жана ЭЭФны колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.

Президент Садыр Жапаров 6-июнда ишкерлер менен көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ), электрондук коштомо кагазды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөргөн. Мамлекет башчы салык органдарынын кызматтарын санариптештирүү көмүскө экономиканы азайтууга, мамлекет менен ишкерлердин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталганын айткан.

Жыйында электрондук товардык коштомо кагазды колдонбогондорго айып пул салуу 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулганы белгилүү болгон.

Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендерди жаңы жылдан баштап башка ыкмага өтүүгө чакырып жаткан. Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салыктык режимин же атайын салыктык режимин тандап, сөзсүз түрдө көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек эле.

Бул мөөнөт жакындаган маалда – 2023-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан.

Ушундан улам ККМди милдеттүү колдонуунун мөөнөтү быйыл 1-июлга чейин жылдырылган.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG