Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:40

Соттолгон адамга нотариус болуп иштөөгө тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров "Нотариат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.

12-июнда президенттин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, мыйзам жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө лицензия берүүдө жана жокко чыгарууда гумандаштырууну ишке киргизүү максатында иштелип чыккан.

Ага ылайык, мурда атайылап кылмыш жасаган жаран ал боюнча соттуулугу алып салынганына же жоюлганына карабай же ага карата оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча реабилитациялоочу жагдайга кирбеген негиздер менен кылмыш куугунтугу кыскартылган болсо, Кыргызстанда нотариус ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт жана мындай жарандардын нотариалдык лицензиясы чакыртылып алынат.

Өзгөртүлгөн мыйзам боюнча, жеке нотариустун лицензиясын Юстиция министрлиги төмөнкү учурларда токтото алат:

– жеке нотариустардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө 30 күн ичинде Юстиция министрлигине маалыматтарды бербегендик – бир айга чейинки мөөнөткө;

– жеке нотариус нотариалдык ишти жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды бузса – Нотариалдык палата белгилеген тартипте адистигин жогорулатуу боюнча кошумча окуудан өтүү мезгилине;

– жеке нотариустун кесиптик этикасынын кодексин бузса - Нотариалдык палатанын сунушу боюнча – бир айга чейинки мөөнөткө;

– архивдик документтерди кагаз жана электрондук түрдө нотариалдык архивге мөөнөттү 30 күнгө кечигип тапшырса – бир айга чейинки мөөнөткө;

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-апрелде кабыл алган.

Юстиция министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 90 мамлекеттик жана 340 жеке нотариус катталган. Алардын 47% Бишкек шаарында, 27% Чүй облусунда кызмат көрсөтөт. Калган алты аймакта калктын санына жараша ар бир облуска бирден үчкө чейин мамлекеттик нотариустар бар.

Кыргызстанда мамлекеттик нотариустарга салыштырмалуу жеке нотариустардын ыйгарым укуктары чектелүү.

Ал эми мамлекеттик нотариустар Юстиция министрлигине баш ийет, мамлекет бөлүп берген имаратта отурат жана үй, жер сыяктуу кыймылсыз мүлктү каттоого алууда, мураска өткөрүп берүүдө негизги ролду ойногон расмий документтерди катташат, андай документтердин түп нускасы менен иштейт, сактап жана жооп беришет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG