Кыргызстанда журналисттерге ыйгарылчу “Мейкин” сыйлыгы уюштурулду

Кыргызстандык журналисттер.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков президент Садыр Жапаров Кыргызстанда медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысын уюштуруу жөнүндө жарлыкка кол койгонун билдирди.

Жарлыктын негизги максаты - журналистика жаатындагы чыгармачылыкты колдоо жана кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, журналисттердин илим, билим берүү, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарбасы, өнөр жайы жана башка чөйрөлөрдөгү чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү экенин жазды.

Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомдон ашат. Он номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сый акы каралган.

Ага ылайык, 10 номинация боюнча “Бир эл – бир түндүк”, “Керемет Кыргызстан”, “Салык – өнүгүүгө салым”, “Таза мекен”, “Билим – келечек”, “Куттуу элет”, “Мекен жана мен”, “Мекендештер”, “Кыргызстанда чыгарылган (Made in KG) жана “Сергек жашоо” деген темалар тандалып алынган.

Жобонун негизинде жакын арада комиссия түзүлөрү, калыстар тобунун көпчүлүгү көз карандысыз медиа эксперттерден тандалары айтылды. 1 миллион сом сый акыны быйыл 7-ноябрда президенттин катышуусунда тапшыруу күтүлүүдө.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандык коомго, сөз эркиндигине басым күчөгөнүн билдирген. Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга дуушар болгонун белгилеген.

Кыргызстанда быйыл январь айында “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун азыркы жана мурдагы 11 журналисти кармалган. Алардын ичинен жети журналист эркиндикке чыгып, төртөө тергөө абагында жатат.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда Кыргызстандагы көз карандысыз “Клооп” порталын жапкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)

Дагы караңыз

Берлин конференциясы: Зеленский миллиарддаган евролук жардамга үмүттөнөрүн айттыБаткенде эки жашар кызды сабаган деген шек менен өгөй атасы кармалдыБазарларда ЭТТК колдонбогон ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилди Жаңы салык системасына каршы соодагерлердин акциясы улануудаЖК Полотованы социалдык камсыздоо министри кызматына талапкерлигин жактырдыКыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев дүйнө салдыБишкекте экинчи бейтаптын да боорун алмаштыруу операциясы ийгиликтүү болгону айтылды