Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:16

Берлин конференциясы: Зеленский миллиарддаган евролук жардамга үмүттөнөрүн айтты


Берлин конференциясы. 2024-жылдын 11-июну.
Берлин конференциясы. 2024-жылдын 11-июну.

Украин президенти Владимир Зеленский өлкөнүн коргоо системасын бекемдөөгө жана согуштан кийинки калыбына келтирүүгө миллиарддаган евролук жардамга үмүттөнөрүн бул күндөрү Германиянын борбору Берлинде өтүп жаткан конференцияда билдирди.

Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы күрөшүп келаткан Украинаны калыбына келтирүү маселесин талкуулоо үчүн уюштурулган, 60тан ашуун өлкөнүн жана эл аралык уюмдун өкүлү, жалпысынан 2 миңдей саясатчы, бизнесмен катышкан эки күндүк конференция бүгүн 12-июнда жыйынтыкталууда.

"Биз бул конференциядан өлкөбүздүн коргонуусу, Украинада аскердик техника жана курал-жарак өндүрүү, жаңы жана заманбап энергетикалык система куруу үчүн миллиарддаган евролук келишимдер менен кетебиз", - деди Зеленский.

Анын айтымында, Орусиянын чабуулдарынан кыштан бери Украинанын электр кубатын өндүрүү потенциалынын жарымы жок кылынды.

Зеленский Украина абадан коргонуу системаларына муктаж экенин белгилеп, "Орусиянын Украинага караганда эң чоң стратегиялык артыкчылыгы - асмандагы артыкчылыкка ээ болуп турганы. Дал ракеталык жана бомбалык террор орус аскерлерининин жердеги алдыга жылышына жардам берүүдө", - деп кошумчалады.

Украина маселеси Швейцарияда 15-16-июнга пландалып жаткан саммитте да талкууланат. Анда Орусия менен туткун айырбаштоо, азык-түлүк коопсуздугу жана өзөктүк коопсуздук маселелери негизги темалардан болот. Тынчтык саммитине 90го жакын өлкө жана уюм катышканы жатканын 10-июнда Швейцариянын президенти Виола Амхерд билдирди. Анын айтымында, катышуучулардын жарымына жакыны мамлекет жана өкмөт башчылары.

Украинага 2022-жылы февралда кол салып, толук масштабдуу согуш ачкан Орусия «атайын аскердик операцияны» ишке ашырып жатканын айтып келет.

Украин бийлиги Орусиянын агрессиясын токтотуунун негизги жолу украин аймагына каршы колдонуп жаткан курал-жарагын Орусиянын өзүнүн аймагынан жок кылуу экенин айтып келет. Батыш Украинага берген курал-жарак менен Орусиянын аймагын бутага алууга уруксатын жакында гана берди. Москва жооп болорун эскертти. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG