ЖК Полотованы социалдык камсыздоо министри кызматына талапкерлигин жактырды

Жылдыз Полотова.

Жогорку Кеңеш 12-июндагы жыйынында Жылдыз Полотованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына талапкерлигин жактырды.

50 жаштагы Жылдыз Полотова акыркы төрт жылдан бери сөз болуп жаткан министрликте орун басар болуп иштеп келаткан. Ал 2018-жылы эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп турган кезинде премьер-министрдин уруксатысыз чет өлкөлөргө бир нече ирет саякаттаганы тууралуу чуулгандуу окуядан кийин кызматтан кетип кайра келген.

Президент Садыр Жапаровдун 7-июндагы жарлыгы менен Гүлнара Баатырова башка ишке өткөнүнө байланыштуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган.

Ал бул кызматка 2023-жылы 13-сентябрда дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев дүйнө салдыБишкекте экинчи бейтаптын да боорун алмаштыруу операциясы ийгиликтүү болгону айтылдыБаткенде эки жашар кызды сабаган деген шек менен өгөй атасы кармалдыАскат Жетигендин сотунда лингвист эксперттер суракка алындыФутбол: Кыргызстан Оман менен тең чыгып, дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын кийинки туруна өттүАКШ: Кыргызстандын жана дагы беш өлкөнүн мыйзамсыз мигранттары дароо депортацияланат11-июнь: ЖК комитети талаштуу долбоорду колдоду, Арменияда оппозиция акциясын улантууда