Курман айт намазы мечиттерде гана окулат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коопсуздуктан улам 16-июнга белгиленген Курман айт майрамына байланыштуу айт намаздар жер-жерлердеги мечиттерде гана окуларын кабарлады.

Курман айт, ислам эрежелерине ылайык, Орозо айттан 70 күндөн кийин, ажылык зыяраттын соңунда болот. Кыргызстандык зыяратчылар быйылкы ажылык сапарга 31-майдан тарта кете баштаган.

Быйыл Орозо айт 10-апрелде белгиленген. Орозо айт намазы да коопсуздуктан улам облус, шаарлардын аянттарында эмес, мечиттерде гана окулду.

Бир канча жылдан бери Айт жана Курман айт намазы Бишкектин эски аянтында, облус борборлорундагы аянттарда окулуп, ага он миңдеген кишилер катышып келген. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиянын жалган маалыматына каршы топ иштей баштадыЖК комитети уран казууга жол ачкан долбоорду дароо эки окууда колдодуПольшанын Беларус менен чек арасындагы буфердик зона 13-июнда иштей баштайтПарламент комитети электрондук тамекини тыюу боюнча мыйзам долбоорун жактырды“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча донордук комитет түзүлдүАрменияда оппозиция акциясы уланууда Жалал-Абадда 26 миң гектардан ашуун аянтты чегиртке каптадыЛейлекте өспүрүм кыздарга жана аялдарга диний сабак берген мекеменин иши токтотулду