Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

Орусиянын жалган маалыматына каршы топ иштей баштады


Джеймс Рубин.
Джеймс Рубин.

АКШ менен Польша Орусиянын Украина боюнча жалган маалымат таратуусуна каршы күрөшкө жардам берерин билдиришти. Польшанын борбор калаасы Варшавада бүгүн 11-июндан тартып атайын биргелешкен эл аралык топ иштей баштайт.

Анын максаты «Украинага бүткүл дүйнөлүк колдоону алсыратууга багытталган орусиялык жалган маалымат өнөктүгүн аныктоого жана жокко чыгарууга аракет кылуу» экени кабарланды.

Топ иштей турган борбордун ачылышы 10-июнда өттү, ага дезинформацияга каршы ишмердүүлүк мекен алектенүүчү адис, америкалык белгилүү дипломат Жеймс Рубин катышты. Рубиндин айтымында, топтун курамына Канада, Франция, Германия, Финляндия, Италия жана Украина сыяктуу 12 өлкөнүн өкүлдөрү кирет.

Орусия Украинага каршы толук масштабдуу агрессиясын 2022-жылдын февралында баштаган. Ошондон бери Украинанын жарандары каза болуп, шаар-кыштактары талкаланууда, миллиондогон киши үй-жайын таштап качууга мажбур болду. Орус мамлекеттик телеканалдары жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары, үгүтчүлөр Украинын аскердик гана объектилери бутага алынып келатканын айтып, адам өмүрү кыйылган, кыйроолор тууралуу маалыматтарды четке кагып, согушка каршы оозанып гана койгон жарандарын камап, куугунтуктоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG