Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:45

Жалал-Абадда 26 миң гектардан ашуун аянтты чегиртке каптады


Чегиртке. Иллюстрациялык сүрөт.
Чегиртке. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун төрт районунуда 26 миң гектардан ашуун аянтты кооптуу чегирткелер каптады. Жалал-Абад өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын башчысы Кайратбек Садыков өткөн жылы облус боюнча 14 миң гектар жайытты чегиртке каптаганын, быйыл ал 26 миң гектардан ашканын айтты.

Ушул жылдын 20-апрелинен баштап жайыттарды чегирткелерден тазалоо жумуштары жүрүүдө. Мекеме облустагы 39 миң гектар жерди изилдеп чыкканын жана анын 26 миң гектардан ашуунунда марокко жана италия чегирткеси табылганын кабарлады.

Аймакта жайытты тазалоо иштеринин 98% аяктап калганы айтылды. Чегирткелер айыл чарба талааларына жеткен эмес.

Адистер чегирткени химиялык ууландыруу менен гана жок кылса болоорун айтышат. Акыркы жылдары облуста чегиртке баскан аймак кеңейип жатат. Себилип жаткан дары 12 саатта таасир этет. Облус боюнча төрт аймакта - Аксы, Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак райондорунун жайыттарын залансыздандыруу жумуштары жүрүүдө. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG