Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:00

Арменияда оппозиция акциясы уланууда


Ереван. 2024-жылдын 11-июну.
Ереван. 2024-жылдын 11-июну.

Арменияда өкмөттүн отставкасын талап кылган акция уланып, анын уюштуруучусу «Тавуш Мекен үчүн» деп аталган кыймылдын тарапкерлери бүгүн 11-июнда борбор калаа Еревандагы айрым көчөлөрдү тороп турушту.

«Азаттык» радиосунун армян кызматы полициянын маалыматына таянып билдиргенине караганда, акциянын катышуучулары арасынан бир киши «тартип сакчысынын мыйзамдуу талабына баш ийген жок» деген негизде кармалды.

Еревандагы Баграмян проспекти кечээтен бери жабык турат. Демонстранттар ал жерге чатыр тигип, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылууну улантып жатышат.

Арменияда Азербайжан менен чек ара маселесинен улам өкмөттүн отставкасын талап кылган, оппозициянын лидери, Армян Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы, архиепископ Баграт Галстанян жетектеген акциялар 9-майда башталган.

Оппозиция Пашиняндын өкмөтү коңшу Азербайжан менен чек арадагы талаштуу төрт айылды азери тарапка эч кандай кепилдик албастан өткөрүп берип койгонун айтууда.

1990-жылдардын башынан бери бул айылдар Армениянын көзөмөлүндө болчу, эми алар Азербайжан тарапка өтүүдө.

Расмий Ереван буга чейин азери тарапка эки жарым гана айыл өткөрүп берилерин, калган бөлүгүн ушул убакка чейин эле Азербайжан көзөмөлдөп келгенин билдирген.

Пашинян өзү 16-майда өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып ал келишимди «чоң ийгилик» деп атаган жана Армениянын эгемендиги менен эркиндигин мындан ары да бекемдөө, өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам жасалганын айткан.

Талдоочулар азыркы митингдер Пашинян Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгып жатканын айткандан кийин башталганына көңүл бурууда.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG