Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

Лейлекте өспүрүм кыздарга жана аялдарга диний сабак берген мекеменин иши токтотулду


УКМКнын сүрөтү.
УКМКнын сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мыйзамсыз иштеп жаткан диний мекемелердин ишине бөгөт коюу иштеринин алкагында Лейлекте "Ан-Нисаа"диний окуу борборунун ишмердүүлүгүн токтотту.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган окуу борбору Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өткөн эмес.

Мекеме Лейлек районундагы аялдарга жана өспүрүм кыздарга диний сабак өтүп келген. Андагы 60ка чукул окуучунун 40ка жакыны өспүрүм кыздар болгон.

Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгы Лейлек райондук милициясы менен чогуу ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Окуу борборунан алынган диний адабияттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Коопсуздук кызматы расмий каттоосу жок көмүскө иштеп жаткан диний жайларга, билим берүү борборлоруна жана лекцияларга барбоону эскертти.

УКМК 10-июнда Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан эки медресе жабылганын, тиешелүү уруксаты жок иштеп жаткан медреседе үч миң сомдон акы төлөп 40тан ашуун студент окуп жатканын маалымдаган.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террордук деп табылып, сот чечими менен өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG