Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Польшанын Беларус менен чек арасындагы буфердик зона 13-июнда иштей баштайт


Польшалык чек арачылар.
Польшалык чек арачылар.

Польша мыйзамсыз миграция коркунучунан улам Беларус менен чек арасына кайрадан буфердик зонаны 13-июндан тартып түзүп жатканын бул өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Чеслав Мрочек билдирди. Ишти тездетүү чечими Беларус тараптан өтүүгө аракет кылгандардан бачык жеп каза болгон польшалык чек арачынын өлүмүнөн кийин кабыл алынды.

Польшанын чыгыш тарабында Беларус менен чек арасында 2021-жылдан бери миграциялык кризис уланууда. Жүздөгөн, айрым учурларда миңдеген мыйзамсыз мигрант Европа Биримдигинин аймагына ошол тилке аркылуу өтүүгө аракет кылган окуялар катталган. Польша бул үчүн орус жана беларус бийлигин «шыкакчы болууда» деп айыптап келет.

2021-жылы Орусиянын негизги союздашы болгон Беларус Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө туристтик агенттиктерди ачып, Европага мыйзамсыз өтүү жолдорун сунуштай баштаган.

Ошол жылы Польша өкмөтү чек арага буфердик зона түзүп, кийин бийиктиги беш метрлик темир тосмо курганда туризм тармагындагы көрсөткүчтөр төмөндөгөнү байкалган.

Мрочектин айтымында, азыр мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандар эң көп эки тилкеде түзүлө турган буфердик зонанын жалпы узундугу 60 чакырымдан ашат. Көпчүлүк тилкелерде зонанын Польша аймагындагы эни 200 метрге, ал эми узундугу (Беловеж токою) 2 чакырымга жетет.

Польша Беларус менен чек ара тилкесине 200 метрлик буфердик зона түзөрүн 29-майда өлкөнүн премьер-министри Дональд Туск билдирген. Ал польшалык аскерлер жана офицерлер чек араны азыркыдай шартта кайтарып, өмүрүн тобокелдикке салып жатканын белгилеген.

Польшанын Беларус менен чек арасынын жалпы узундугу 398 чакырымды түзөт. 27-майда Беларус тараптан 50 чакты чет өлкөлүк жаран күчтөп өтүүгө аракет кылганда чек арачылардын бирине бычак менен кол салышкан.

Туск Польша Беларус жана Орусия менен чек арасын “эч ким өтө алгыс” кылып бекемдөөгө, ал жактагы коопсуздугун камсыздоого 10 миллиард злотый (2,55 миллиард доллар) сарптай турганын 18-майда билдирген.

Анын айтымында, «Чыгыш калканы» деп аталган долбоор алкагында чек арада «ыктымал душман өтө алгыс боло тургандай» тилке түзүлүп, аскердик жактан бекемделет.

Быйыл апрель айында Польша менен Беларустун ортосундагы чек арада мигранттардын Европа Биримдигине агымы рекорддук санга жеткен – бир айда 5500 киши катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG