Салык кызматы “Дордой Дыйкандын” соодагерлери койгон талаптарга жооп берди

“Дордой Моторс” базарынын ЭТТК менен ЭЭФке каршы акцияга чыккан соодагерлери. 10-июнь, 2024-жыл.

Мамлекеттик салык кызматы Бишкектеги “Дордой Дыйкан” базарындагы 705 ишкердин 531и 0,1% коюм (ставка) менен салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өткөрүлгөнүн билдирди.

Мекеме соодагерлерге көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады. Андан тышкары базарда Салык кызматынын кызматкерлери ишкерлер менен иштешип жатканы айтылды.

10-июнда “Дордой Дыйкан” базарынын соодагерлери электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышкан. Алар көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы эмес экенин, бирок ЭТТК менен ЭЭФти ишке киргизүү үчүн бухгалтер алып ага айлык төлөп бериш керектигин, ал кошумча чыгым экенин айтышкан.

Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендерди жаңы жылдан баштап башка ыкмага өтүүгө чакырып жаткан. Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салыктык режимин же атайын салыктык режимин тандап, сөзсүз түрдө көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонушу керек эле.

Бул мөөнөт жакындаган маалда – 2023-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан.

Ушундан улам ККМди милдеттүү колдонуунун мөөнөтү быйыл 1-июлга чейин жылдырылган.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөнү кабарланды10-июнь: “Кемпирабадчыларга” суралган жаза, Казан аэропортун тооруган коркунучНАТОдогу мурдагы командачы Сербияны Балкандагы орусиялык “инфекциянын” агенти деп атадыЖапаров алтын камтыган руданы ташууну чектеген мурдагы жарлыктарын жокко чыгардыШвейцария президенти Украина боюнча саммит диалогдун башталышы болорун айттыНоокатта үч балалуу келин асылган абалда табылдыУкраина: Харьковго авиабомба тийди, Зеленский Сумы аймагы толук көзөмөлдө экенин айтты