Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Швейцария президенти Украина боюнча саммит диалогдун башталышы болорун айтты


Виола Амхерд жана Иняцио Кассис. 2024-жылдын 10-июну.
Виола Амхерд жана Иняцио Кассис. 2024-жылдын 10-июну.

Швейцарияда ушул аптанын соңунда өтө турган Украина боюнча тынчтык саммитине 90го жакын өлкө жана уюм катышканы жатканын бүгүн 10-июнда бул өлкөнүн президенти Виола Амхерд билдирди. Анын айтымында, катышуучулардын жарымына жакыны мамлекет жана өкмөт башчылары болот.

«Бул пропаганда эмес. Бул гуманитардык жардам боюнча Швейцария түзүп берип жаткан негиз… Диалогдун башталышы», - деди Амхерд.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германия канцлери Олаф Шольц саммитке катышмай болуп жатышат.

Орусия чакырылган жок. Украина анын катышуусу тынчтыкка карай жолдогу прогресске тоскоолдук жаратарын айтууда.

Кытай орус жана украин тарап бирдей катыша турган гана жолугушууну тааный турганын билдирген.

15-16-июнга пландалып жаткан саммитте, Швейцариянын тышкы иштер министри Иняцио Кассис билдиргендей, туткун айырбаштоо, азык-түлүк коопсуздугу жана өзөктүк коопсуздук маселелери негизги темалардан болот.

Саммитке бара албай турганын АКШ президенти Жо Байден, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш билдиришкен.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-майда Харьков шаарында борбор азиялык журналисттер үчүн уюштурулган брифингде Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин Тынчтык саммитинде көргүсү келерин айткан.

Кыргызстан ага катышпай турганын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов DW агенттигине берген интервьюсунда билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG