Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:06

НАТОдогу мурдагы командачы Сербияны Балкандагы орусиялык “инфекциянын” агенти деп атады


 Уэсли Кларк.
Уэсли Кларк.

Сербия Европага Орусиянын империалисттик дымагын тартуучу магнит сымал өлкө болуп турат деген пикирин «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна курган маегинде НАТОнун Европадагы биргелешкен күчтөрүнүн мурдагы (1997-2000-жылдар) командачысы, отставкадагы америкалык генерал Уэсли Кларк билдирди.

Сербия жана анын мурдагы провинциясы Косово ортосунда каршылык дагы эле уланып келатканы жөнүндө, туруктуулукка карай жолдогу тоскоолдуктар тууралуу ой бөлүшкөн Кларк:

"Сербия тынчтыкты каалабай жатат, ал эми Косово өзүнүн эгемендигинен баш тарткысы келбейт", - деп белгиледи.

Батыштын ортомчулугу менен Белград жана Приштина ортосундагы мамилени жөнгө салууга багытталган он жылдан ашуун убакыттан берки сүйлөшүүлөр негизинен Косовонун этникалык серб азчылыгынын таанылышынан улам токтоп калган. Мамиле чек арадагы зордук-зомбулукка, бойкоттолгон шайлоолорго жана жөө жүрүштөргө, Косовонун түндүгүндөгү сербдер көп жашаган аймактарда валюта жана башка репрессияларга байланыштуу дагы начарлады.

Орусия мурдагы Югославиядагы согуштан кийинки чек аралар, институттар тегерегиндеги чыңалуунун, айрыкча дин жана тил маселесинен улам Босния жана Герцеговинада, Косоводо, Черногорияда жана Түндүк Македонияда көйгөйлөрдүн жаралышына түрткү болгон.

Кларк Косово менен Сербия ортосунда туруктуулук «Москва бул аймактагы империалисттик дымагынан баш тартмайынча» орнобой турганын эскертти. Сербия жалпы аймакта, Түндүк Македонияда, Черногорияда «инфекциянын таратуучусу» болуп жатканын, зомбулук күчөшү ыктымал экенин белгиледи.

Маселени жөнгөрүүнүн жолу Орусиянын Украинага каршы согуштагы утулушу, анын Сербияга көрсөтүп жаткан колдоосун токтотуу экенин айткан Кларк Сербия келечеги Батыш менен байланышта экенин түшүнүшү зарылдыгын, «сербдер ошону түшүнгөндө Косово маселеси өзүнөн өзү чечилерин» кошумчалады.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды.

Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия да тааныбай келет.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайызга жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.

Апрель айында эки өлкөнүн президенттери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде айыптаган билдирүүлөрдү жасашкан.

Косово президенти Вьоса Османи Сербияны «Косовонун түндүгүндөгү этникалык сербдердин косоволук институттарга интеграция болушуна жол бербей жатат» деп, ал эми Сербиянын президенти Александр Вучич «дүйнө бул аймакта жашаган сербдердин оор абалына жетиштүү көңүл бурбай келет» деп айтышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG