Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

Бишкекте боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөнү кабарланды


Боор алмаштыруу операциясы жүрүп жаткан учур. Бишкек. 10-июнь, 2024-жыл. Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигиники.
Боор алмаштыруу операциясы жүрүп жаткан учур. Бишкек. 10-июнь, 2024-жыл. Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигиники.

10-июнда Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Бейтаптын да, донордун да абалы туруктуу. 8-9 саатка созулган операцияга Кыргызстандын жана Түркиядан келген дарыгерлер катышты. Боор алмаштыруу операциясына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да катышты.

"Биз операциянын ийгиликтүү аяктаганына канааттанып турабыз. Донордун боору трансплантация болору менен иштей баштады, бул бейтаптын сакайып кетишинин белгиси", - деди министр.

Ушул тапта бейтаптар адистердин көзөмөлүндө. 10-11-июнь күндөрү Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында боор оорусунан жабыркап келген эки бейтаптын боору алмаштырыларын, 50-51 жаштагы эки бейтапка өздөрүнүн 27 жана 31 жаштагы кыздары донор болорун министрлик билдирген.

Боорду алмаштыруу программанын башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн. Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жабыркап келет. Алардын ичинен бир канчасы трансплантацияга муктаж.

Быйыл февраль айында Кыргызстанда алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. Андан бери он чакты бейтапка операция жасалды. Кезекте 110 адам турат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG