Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:15

10-июнь: “Кемпирабадчыларга” суралган жаза, Казан аэропортун тооруган коркунуч


Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар. Булардын ичинен Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев эркиндикке чыккан.
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар. Булардын ичинен Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев эркиндикке чыккан.

10-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кемпир-Абад иши: Шектүүлөрдү 20 жылдан кесүү өтүнүчү

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда прокурорлор судьядан Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сурады. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта алардын сегизи камакта жатат. Калганы эркиндикте. Аларга “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып тагылган. Шектүүлөр коюлган кинени четке кагып, муну саясий куугунтук деп баалап келишет.

Миң-Куштагы кырсыкты комиссия иликтейт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Жумгал районунун Миң-Куш айылында “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кабылган кырсыкты иликтөө боюнча комиссия түздү. Мекеме Миң-Куш айылында радиациялык абал туруктуу экенин, көпүрөдөн сайга кулаган оор жүк ташыган автоунаа “ЭРН-Строй” ишканасынын автоунаасы экенин билдирди. Министрлик оор жүк ташыган автоунаа сайга кулаганда ичинде жүк болгонбу же жокпу, тактаган жок. Кырсык 1-июнда болгон. Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылы август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы жүргүзүүдө.

Казакстанда Кыргызстандын жараны кармалды

Казакстандын соту Кыргызстандын жараны Алина Горшенинаны Орусиянын өтүнүчү менен камакка алганын Rusnews агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Горшенина Москва облустук соту Елена Морозова менен прокурору Елена Колоскованы коркуткан деп айыпталууда. 2021-жылы 18-январда судья Елена Морозова Орусияга Германияда дарыланып жүрүп, кайтып келген Алексей Навальныйды камакка алган. Горшенинанын апасы Лариса Горшенина кызын 2023-жылы Подмосковьеде сотко кол салган деп айыптап жатышканын айтып, бирок ал күнү Алина Ысык-Көлдө жүргөнүн, Орусияга акыркы жолу алты жыл мурда гана барганын айтып берген.

Соодагерлер нааразылык акцияга чыгышты

Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышты. Алар көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы эмес экенин, бирок ЭТТК менен ЭЭФти ишке киргизүү үчүн бухгалтер алып ага айлык төлөп бериш керектигин, ал кошумча чыгым экенин айтышууда. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салык документи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Газаданы кырдаалды талкуулоо үчүн Египетке жана Израилге барат

Бул сапар Вашингтон ХАМАС тобуна (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган) жана Израилге Газадагы атышууну токтотуу, согуштун Ливандын аймагына жайылып кетишине жол бербөө боюнча басымын күчөтүп жаткан учурда өткөнү турат. Блинкен Каирге токтоп, бул өлкөнүн президенти Абдел Фаттах ас-Сиси менен жолугат, андан соң Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана коргоо министри Йоав Галлант менен сүйлөшүү жүргүзөт. АКШ ок атышууну адегенде алты аптага токтотуу тууралуу планга ХАМАС макул болсо, аны Израил да кабыл аларына үмүттөнүп жатканын өткөң аптада Ак үй билдирген.

Швейцария президенти Украина боюнча саммит диалогдун башталышы болорун айтты

15-16-июнга пландалган тынчтык саммитине 90го жакын өлкө жана уюм катышарын Швейцариянын президенти Виола Амхерд билдирди. Анын айтымында, катышуучулардын жарымына жакыны мамлекет жана өкмөт башчылары болот. Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германия канцлери Олаф Шольц саммитке келет. Орусия чакырылган жок. Кытай орус жана украин тарап бирдей катыша турган гана жолугушууну тааный турганын билдирген. Кыргызстан саммитке катышпай турганын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов DW агенттигине берген интервьюсунда айтты.

Татарстандын борбору Казандагы аэропорттун иши үч саатка үзгүлтүккө учурады

Коопсуздуктан улам ушундай чара көрүлгөнүн Росавиация маалымдады. Казан аэропортунун иши дрон коркунучунан улам соңку кезде бир нече жолу токтоду. Акыркы жолу аны 3-июнда убактылуу жабылган. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын маалыматына караганда, быйыл жаздан бери Татарстан аймагы кеминде беш жолу согуштук дрон чабуулуна кабылды. Акыркы сокку 31-майда урулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG