Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:21

Ноокатта үч балалуу келин асылган абалда табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокат районундагы Гүлистан айылынын тургуну, үч баланын энеси төркүнүндөгү үйүнүн чатырына асылган жеринен табылды.

Маалыматты Ош облустук Ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) ырастап, факт бирдиктүү реестрге катталганын, иликтөө жүрүп жатканын билдирди. Ага ылайык, 6-июнда Ноокат райондук милициясына 32 жаштагы келин каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу маркум асынып алганын аныктаган.

"Сөөккө сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда күбөлөр суралып, ыкчам-тергөө амалдары уланууда", - деп билдирди ОИИБнын басма сөз кызматы.

Кыргызстанда түрдүү себептер менен өз жанын кыйган келиндер көп катталат. Былтыр Лейлек районундагы Андарак айылдык милиция бөлүмү бир жыл ичинде 11 учурду каттаган. Кеминде алты аял көз жумган. Дагы беш аялды дарыгерлер куткарып калган.(ZKo/DSh)


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG