Ошто Июнь окуясы “Энелердин көз жашы” комплексинде эскерилди

Июнь окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы. 10-июнь, 2024-жыл.

2010-жылдагы Июнь окуясында жакынын жоготкондор 10-июнда Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине чогулуп, бул окуяда курман болгондорго куран окуп, гүл коюшту.

Эскерүү иш-чарасында “Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери” коомдук бирикмесинин мүчөсү Бурма Ашимова Июнь окуясы өткөн жылы эскерилбей калганын билдирип, жергиликтүү бийликке нааразычылыгын айтты.

“Быйыл жергиликтүү бийликке бир жума мурун келип эскертип жатып өткөрдүк. Эскерүү иш-чарасы өткөн жылдагыдай болуп өткөрүлбөй калбасын дедик. Ушул күнү эскерип койсо сүйүнүп калабыз да. Мэрия төрт челек гүлгө алы жетпей калабы?”, - деди ал.

Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы Июнь окуясынын 14-жылдыгына карата кайрылуу жасап, Кыргызстанда этностор аралык ынтымакты бекемдөө үчүн “Кыргыз жараны” концепциясы ишке ашырылганын билдирди.

2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам набыт болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. (DSh)

Дагы караңыз

Прокурорлор Кемпир-Абад иши боюнча шектүүлөрдү 20 жылдан кесүүнү сурадыКазакстанда сот кыргыз жаранын Орусиянын өтүнүчү менен камаганы кабарландыЫсык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын иши токтотулдуЭки жылда чет жактагы мигранттардын саны 143 миңге азайдыЕвропарламентке шайлоо өттү, Францияда президент Макрон парламентти таркатты Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан эки медресе жабылдыЖК комитети Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген документти колдоду“Дордой Моторс” базарынын соодагерлери нааразылык акцияга чыгышты Президент Июнь окуясынын 14 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады