Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:28

ЖК комитети Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген документти колдоду


Ысык-Көл жээги. Архивдик сүрөт.
Ысык-Көл жээги. Архивдик сүрөт.

Чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 10-июндагы жыйынында үчүнчү окуудан колдоду. Документке бир депутат Султанбай Айжигитов “каршы” добуш берди.

Долбоор эми парламенттин жалпы жыйынында үчүнчү окууда каралат.

“Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 30-майда экинчи окууда кабыл алган.

Мыйзам долбоорунун авторлору - депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бакыт Сыдыков.

Депутаттар Султанбай Айжигитов, Гуля Кожокулова документтеги рекреациялык аймактардын тизмесин тактоо, алардын катарынан жер аянттарын алып салууну жана оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизип, оңдоп чыгуу сунушун беришкен.

Демилгечилер мыйзам долбоору Кыргызстанга инвестиция тартууну көздөй турганын айтып, “жер тилкеси эмес, анын үстүнө курулган мүлктү сатууга уруксат берилерин” билдиришкен. Баяндамачылар рекреациялык объектилердин катарына эс алуу зоналары, коттеждер, мейманканалар жана башка жайлар кирерин белгилешүүдө.

Азыр иштеп жаткан мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Ысык-Көлдөн башка аймактарынан чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG