Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Европарламентке шайлоо өттү, Францияда президент Макрон парламентти таркатты


Марин Ле Пен
Марин Ле Пен

Европарламентке болгон шайлоодо Францияда центристтик күчтөр утулгандан кийин президент Эммануэл Макрон парламенттин төмөнкү палатасын таркатты. "Мен эч нерсе болбогондой басып жүрө албайм. Улуттук ассамблеяны таркатам", - деди француз лидери 9-июндун кечинде.

Францияда мөөнөтүнөн мурун шайлоо 30-июнга белгиленди, экинчи айлампа 7-июлда өтөт. Француз лидери мындай жол менен элине парламенттин келечегин аныктоого мүмкүнчүлүк берет. "Бул чечим олуттуу жана оор, бирок эң оболу ал ишенимге негизделген", - деди ал.

Европарламентке шайлоодо Францияда Марин Ле Пен негиздеген ашынган оңчул "Улуттук биримдик" партиясы ишенимдүү алдыга чыкты. Сурамжылоолорго ылайык, Ле Пендин партиясы 32% добуш алса, башкаруудагы "Кайра жаралуу" партиясы 15% чукул гана добуш топтой алды. Үчүнчү орунга 14% добуш менен Франциянын социалисттик партиясы чыкты.

Жекшембиде 21 өлкөдө добушканалар ачылса, Италия менен Эстонияда жараян уланды. Буга чейин алты өлкөдө: Чехияда, Ирландияда, Мальтада, Латвияда, Нидерландда, Словакияда добуш берүү аяктаган.

Бул шайлоо 450 миллион жаран жашаган Евробиримдиктин Орусия менен мамилеси, Кытай менен АКШнын өндүрүштүк атаандаштыгынын күчөп баратканы, климаттын өзгөрүүсү жана иммиграция сыяктуу орчундуу маселелерди чечүүнүн жолдорун кантип табарын аныктайт.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй негизинен европачыл партиялар көпчүлүк орунду сактап калат. Ошол эле маалда голландиялык Герт Вилдерс жана франциялык Марин Ле Пен сыяктуу ультраоңчулдар дагы санын көбөйтүп, шаркеттин мыйзам чыгаруу органында саясий күчкө айланышы толук мүмкүн.

7-июнда Копенгагендин борборунда Даниянын премьер-министри Метте Фредериксенге кол салуу болду. Өкмөт башчы жабыр тартпаганы менен опурталдуу жагдай жаралды.

Кеминде голландиялык үч партия веб-сайттары хакердик чабуулга кабылганын билдирсе, ал үчүн жоопкерчиликти орусиячыл хакердик топ мойнуна алды.

Жума күнү Португалияда митинг маалында Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин сөзүн палестиндерди колдогон активисттер бузуп, шайлоо алдындагы кайрылуусун угузбай коюшту.

Европарламенттеги 720 мандатты биримдикке мүчө мамлекеттар калкынын санына жараша алат. Мисалы Германия 96, Франция 81, Италия 76, Нидерланд 31, Чехия 21, Эстония 7 депутат шайлайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG