Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын иши токтотулду

Ысык-Көл жээги. Архивдик сүрөт.

Ысык-Көл облусунда саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын ишине тыюу салынды.

Алар: “Дальний кардон”, “Смена”, “Белек”, “Золотые пески”, “Взморье сити”, “Асыл-Таш”, “Ой-Керемет”, “Золотой-Требас”, “Кооператор” пансионаттары жана “Улан” балдардын ден соолукту чыңдоо борбору менен “Чолпон-Ата”, “Чалжанов” эс алуу жайлары.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, бул пансионаттардын кээ бири тазалоочу жайларды курууга киришти. Алар мыйзам бузууларды жойгондон кийин Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы туристтик сезонго даяр экенин далилдеген паспорт берет.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 27-апрелинде “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай туруп иштетүүгө тыюу салынат. (BTo/AsK)

Дагы караңыз

Эколог активисттер шаар көчөлөрүндө бактарды кыюуга каршы чыгыштыКазакстанда соттолгон Маркабаев Кыргызстанга которулганы кабарланды“РСК банктын” аталышы “Элдик банк” болуп өзгөртүлдүБишкек мэриясы 100 троллейбусту Ош шаарына берүүнү сунуштадыКыргызстан Киев уюштурган Тынчтык саммитине катышпайт Ош мэриясынын кармалган эки кызматкери үй камагына чыктыФутбол: Кыргызстан Малайзия менен тең чыкты