Мамлекеттик “РСК банк” (“Расчетно-сберегательная компания” – “Эсептешүү-сактык компаниясы”) ачык акционердик коому “Элдик банк” ачык акционердик коому деп өзгөртүлдү. Буга байланыштуу Улуттук банк 5-июнда “РСК банктын” лицензиясын алмаштырганын 7-июнда кабарланды.
Президент Садыр Жапаров 17-майда Фейсбуктагы баракчасына “РСК банк” ачык акционердик коому “Элдик банк” деп өзгөртүлүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга көмөктөшө турганын жазган.
“Расчетно-сберегательная компания” – “Эсептешүү-сактык компаниясы” ачык акционердик коому 1996-жылы негизделген. 2008-жылдан тартып, “РСК банк” аталышына өткөн. Учурда анын уставдык капиталы 10 млрд сомго жакын жана банктын 100% акциясы Министрлер кабинетине таандык. (BTo)
Дагы караңыз
Бишкек мэриясы 100 троллейбусту Ош шаарына берүүнү сунуштадыКыргызстан Киев уюштурган Тынчтык саммитине катышпайт Ош мэриясынын кармалган эки кызматкери үй камагына чыктыФутбол: Кыргызстан Малайзия менен тең чыктыКазакстанда "Азаттыкты" колдогон журналисттин апелляциялык арызы четке кагылды6-июнь: “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору, Газада 30дай киши мерт болгону кабарланды