Бишкек мэриясы борбордо эл ташыган 100 троллейбусту Ош шаарына акысыз берүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешине киргизилди.
Токтомдо 2025-жылдын экинчи кварталында Бишкекке 120 электробус алынып келери, ушундан улам троллейбустар Ошко берилген күндө да борбордо жүргүнчүлөрдү ташууда маселе жаралбай турганы айтылат. Себеби, троллейбустардын ордуна электробустар колдонулары жазылган.
Маалыматка ылайык, Ошко бериле турган троллейбустар 2001-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде пайдаланууга берилген. Айрым троллейбустардын иштөө мөөнөтү 15 жылдан ашканы, троллейбустардын орточо эксплуатациялоо мөөнөтү 20 жылдан ашпашы керек экени кошумчаланган.
Бишкекте күн сайын 115-125 троллейбус каттамга чыгат.
Буга чейин эко-активисттер Бишкектеги троллейбустарды электрбустарга алмаштыруу маселеси каралып жатканын айтып, ага каршы чыгышкан. Алар троллейбустар экологиялык коомдук транспорт экенин айтып келишет. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстан Киев уюштурган Тынчтык саммитине катышпайт Ош мэриясынын кармалган эки кызматкери үй камагына чыктыФутбол: Кыргызстан Малайзия менен тең чыктыОрусияда кармалган америкалык аскердин соту башталды6-июнь: “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору, Газада 30дай киши мерт болгону кабарланды